🎗️ Депутат: Кыргызстанда онкологиядан күн сайын 10 адам каза болот
Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Талант Мамытов Кыргызстанда 37 миңден ашуун адамга онкологиялык оорулар диагнозу коюлганын билдирди.
📈 Анын айтымында, жаңы учурлар жыл сайын көбөйүүдө. 2020-жылы 5 377 жаңы учур катталса, 2025-жылы алардын саны 7 миңден ашкан. Депутат бул көрсөткүч болжол менен 30%га өскөнүн белгиледи.
⚠️ Мамытовдун маалыматына караганда, онкологиялык оорулардан жылына 3 миңге жакын адам, башкача айтканда күнүнө орто эсеп менен 10 адам каза болууда.
🏥 Депутат өлкөдө болгону эки линейлик тездеткич жана бир маммограф бар экенин айтып, аймактарда онкологиялык борборлорду курууну, адистерди даярдоону жана ооруну эрте аныктоо системасын өнүктүрүүнү сунуштады.
🔎 Ошондой эле бөлүнгөн каражаттардын кандай пайдаланылганын, кандай жабдуулар алынганын, алардын иштеп-иштебегенин жана дары-дармектер бейтаптарга жетип-жетпегенин текшерүү үчүн комиссия түзүүнү сунуштады.
@kgosho Билип жаша!
Post #4772
15.1K