🐟 Кыргызстан менен Россия балык чарбасында биргелешкен ишканаларды түзүүнү пландоодо
Кыргызстан менен Россия балык чарбасында биргелешкен ишканаларды түзүү боюнча макулдашууга ниеттенүүдө. Бул тууралуу Санкт-Петербургда өткөн жолугушууда айтылды.
🤝 Жолугушуу Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков менен Россиянын вице-премьер-министри Дмитрий Патрушевдин ортосунда өттү.
📈 2025-жылы Кыргызстан менен Россиянын айыл чарба жана кайра иштетилген продукция боюнча соода жүгүртүүсү $652,3 млн түзүп, 2024-жылга салыштырмалуу $88,5 млн өскөн.
🏭 Тараптар кадимки соодадан биргелешкен өндүрүшкө өтүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти. Балыкты кайра иштетүүчү ишканаларды, логистиканы өнүктүрүү жана заманбап таңгактоону киргизүү маселелери талкууланды.
🇰🇬 Эрлист Акунбеков балык чарбасы, айыл чарба продукциясын кайра иштетүү жана кыргызстандык товарларды Россиянын рыногуна чыгарууну кеңейтүү боюнча жаңы долбоорлорду сунуштады.
📋 Жыйынтыгында балык чарбасындагы долбоорлорду ишке ашыруу үчүн биргелешкен жол карталарын даярдоо чечими кабыл алынды. Россия тарап сунуштарды практикалык жактан ишке ашырууга даяр экенин билдирди.
@kgosho Билип жаша!
Post #4737
14K