📡 Кыргызстанда телеком-операторлорду лицензиялоо эрежелерин өзгөртүү сунушталды
Санариптик өнүктүрүү министрлиги телекоммуникация операторлорун лицензиялоо менен радио жыштыктарды бөлүштүрүүнү өз-өзүнчө жөнгө салууну сунуштады. Тиешелүү токтомдун долбоору коомдук талкууга чыгарылды.
📋 Долбоордо эки өзүнчө жобону бекитүү каралган:
🔹 телекоммуникация операторлорун лицензиялоо тартиби;
🔹 радио жыштык спектрин пайдалануу укугуна соода өткөрүү эрежелери.
📶 Радио жыштыктарды конкурс же онлайн-аукцион аркылуу бөлүштүрүү сунушталууда. Инвестициялык долбоорлордун социалдык-экономикалык мааниси бааланса — конкурс, башка учурларда эң жогорку бааны сунуштаган катышуучу жеңүүчү болгон онлайн-аукцион өткөрүлөт.
⚖️ Жаңы эрежелер лицензия берүү, кайра каттоо, токтотуу жана жокко чыгаруу тартибин, ошондой эле радио жыштыктарды пайдаланууга уруксат берүү талаптарын аныктайт.
🛰️ Мындан тышкары, геостационардык эмес спутниктик системаларды пайдаланган операторлор үчүн өзүнчө талаптар киргизилет.
Министрликтин маалыматына караганда, өзгөртүүлөр мыйзамдардагы боштуктарды жоюп, айрым процедураларды жөнөкөйлөтүп жана лицензия алууда катышуучулар үчүн тең шарттарды түзүүгө багытталган.
@kgosho Билип жаша!
Post #4728
16.5K