TGViewer
OSHO OSHO @kgosho · 59.2K subscribers
Post #4733 16.3K
🏫 Бишкекте айрым окуучулар эмне үчүн 4 нөөмөттө окуп жатат?



Бишкектин «Ак-Ордо» конушундагы №104 мектепте окуучулар 4 нөөмөттө билим алып жатканы социалдык тармактарда кызуу талкуу жаратууда. Айрым параллелдерде класстардын саны «А»дан «Ф»ке чейин жетет.

📚 Мектепте учурда 119 класс-комплектте 4,2 миңден ашуун окуучу билим алат. Ал эми имараттын долбоордук кубаттуулугу болгону 750 окуучуга эсептелген.

⏰ Окуу тартиби:
🔹 1–2-класстар — 4 нөөмөт, сабак 40 мүнөт;
🔹 3–4-класстар — 3 нөөмөт, сабак 45 мүнөт;
🔹 5–11-класстар — 2 нөөмөт, сабак 45 мүнөт.

🏗️ Бишкек мэриясынын маалыматына караганда, бул убактылуу чара. Мектептин жанында экинчи корпус курулуп жатат. Ал пайдаланууга берилгенден кийин окуучулар үчүн орундар көбөйүп, окуу тартиби кайра каралат.

👨‍👩‍👧‍👦 Мектептеги окуучулардын баары «Ак-Ордо» конушунун тургундары. Калктын жана мектеп жашындагы балдары бар үй-бүлөлөрдүн санынын көбөйүшү окуучулардын кескин өсүшүнө себеп болгон.



@kgosho Билип жаша!
Telegram OSHO @kgoshobot суроолоруңуз болсо чат ботко кайрылыңыз
More from @kgosho
  1. Sep 23, 2026👷‍♀️ Кыргызстандагы бизнестин 76%ы кадр тартыштыгын өсүшкө негизги тоскоолдук деп атады К…
  2. Sep 23, 2026🤧 Кыргызстанда КРВИге миңдеген адам чалдыкты: ооругандардын 74%дан ашыгы — балдар Кыргызс…
  3. Sep 23, 2026🚦 Бишкекте жол тыгындарына каршы кескин чаралар көрүлбөйт Бишкек мэриясы жол тыгындарын а…
  4. Sep 23, 2026💻 «Касперский лабораториясы» өнүмдөрүн кыргызчага которо баштады «Касперский лабораторияс…
  5. Sep 23, 2026💻 Бишкекте санариптик технологиялар мектебине алгачкы кабыл алуу башталды Бишкекте «Школа…
  6. Sep 23, 2026🌍 2026-жылы мунапыс менен 11 миңдей чет элдик Кыргызстанды таштап кеткен Кыргызстанда мый…
Threads Profile ViewerView any public Threads profile without an account.Open ThreadLook →Writing with AI? Make it sound human.Metric37 rewrites AI drafts so they read naturally. Free AI detector, 1,500 words free.Try Metric37 →