🤧 Кыргызстанда КРВИге миңдеген адам чалдыкты: ооругандардын 74%дан ашыгы — балдар
Кыргызстанда 12–18-сентябрь аралыгында КРВИнин 4 366 учуру катталды.
👧🏻 14 жашка чейинки балдар ооругандардын 74,2%ын түздү — башкача айтканда, ар төрт оорулуунун үчөө бала.
📊 Оорулоо көрсөткүчү 100 миң адамга 59,5 учурду түзүп, былтыркы деңгээлден дээрлик өзгөргөн эмес. 2025-жылы ушул мезгилде 4 298 учур катталган.
🏠 Адистер КРВИНин белгилери бар балдарды мектепке жана бала бакчага жибербөөнү, дене табы көтөрүлүп, абалы начарласа үйдө болуп, дарыгерге кайрылууну сунушташат.
🧼 Алдын алуу үчүн колду тез-тез жууп, бөлмөлөрдү желдетип, үшүп калуудан сактануу жана эл көп чогулган жерлерде беткап тагынуу сунушталат.
@kgosho Билип жаша!
Post #4762
15.7K