🚦 Бишкекте жол тыгындарына каршы кескин чаралар көрүлбөйт
Бишкек мэриясы жол тыгындарын азайтуу үчүн кескин чараларга барбайт. Бул тууралуу мэр Айбек Жунушалиев билдирди.
🏙️ Анын айтымында, буга чейин мындай сунуштар коомчулук тарабынан колдоо тапкан эмес. Учурда шаар бийлиги бекитилген концепциянын негизинде системалуу иш алып барууда.
🛣️ Негизги багыт — жол инфраструктурасын жаңылоо, жаңы жолдорду жана жол өтмөктөрүн куруу. Андан кийин тыгындарды азайтуунун кийинки чаралары каралат.
🚌 Мэрия буга чейин айдоочуларга унааларын Батыш автобекетинин аймагына калтырып, шаар ичинде коомдук транспорт менен жүрүүнү сунуштаган.
@kgosho Билип жаша!
Post #4761
14.8K