💻 Бишкекте санариптик технологиялар мектебине алгачкы кабыл алуу башталды
Бишкекте «Школа 21» санариптик технологиялар мектебине биринчи тандоо этабы башталды.
🎓 Окуу Кыргызстандын 18 жаштан жогорку бардык жарандары үчүн акысыз. Билими же мурдагы кесиптик тажрыйбасы талап кылынбайт.
📝 Кабыл алуу үчүн:
1️⃣ долбоордун сайты аркылуу арыз берүү;
2️⃣ логика, эс тутум жана алгоритмдик ой жүгүртүү боюнча онлайн-тесттен өтүү;
3️⃣ 14 күндүк офлайн тандоо этабына катышуу керек.
🚀 Тандоодон өткөндөр 22 багыттын бирин тандай алышат. Алардын арасында программалык камсыздоо жана мобилдик тиркемелерди иштеп чыгуу, киберкоопсуздук, маалыматтарды талдоо, тестирлөө, жасалма интеллект жана технологиялык ишкердик бар.
⏳ Окуу багытка жана студенттин темпине жараша 9 айдан 2 жылга чейин созулат. Сунушталган окуу жүгү — жумасына болжол менен 20 саат.
@kgosho Билип жаша!
Post #4759
16.3K