TGViewer
OSHO OSHO @kgosho · 59.2K subscribers
Post #4760 14.9K
💻 «Касперский лабораториясы» өнүмдөрүн кыргызчага которо баштады



«Касперский лабораториясы» өзүнүн программаларын жана окутуу платформаларын кыргыз тилине которууну баштады. Бул тууралуу компаниянын Борбор Азия жана Монголия боюнча башкаруучу директору Валерий Зубанов Cybernamad Fest-2026 фестивалында билдирди.

🇰🇬 Компания быйыл кыргыз тилиндеги кибергигиена боюнча онлайн-платформаны иштеп чыгууга каражат бөлгөн.

📚 Долбоордун алкагында «Киберазбука» окуу куралы кыргызчага которулуп, Кыргызстандын мектептерине берилген. Материал Мамлекеттик жеке маалыматтарды коргоо агенттигинин көзөмөлү менен адаптацияланган.

🛡️ Компания билим берүү мекемелерине киберкоопсуздук боюнча материалдарды таратууну улантат. Долбоор социалдык багытта болуп, калктын санариптик сабаттуулугун жана киберкоопсуздук боюнча билимин жогорулатууга багытталган.



@kgosho Билип жаша!
Telegram OSHO @kgoshobot суроолоруңуз болсо чат ботко кайрылыңыз
More from @kgosho
  1. Sep 23, 2026🏛️ Бешинчи Элдик курултайга 700 делегат шайланат Кыргызстанда бешинчи Элдик курултайга да…
  2. Sep 23, 2026🤖 Изилдөө: Жасалма интеллект каржы боюнча кеңештердин 57%ын туура эмес берет Популярдуу ж…
  3. Sep 23, 2026🇰🇬🇧🇾 Кыргызстан менен Беларусь жарандардын өлкөдө болуу эрежелерин жеңилдетет Кыргызст…
  4. Sep 23, 2026👷‍♀️ Кыргызстандагы бизнестин 76%ы кадр тартыштыгын өсүшкө негизги тоскоолдук деп атады К…
  5. Sep 23, 2026🤧 Кыргызстанда КРВИге миңдеген адам чалдыкты: ооругандардын 74%дан ашыгы — балдар Кыргызс…
  6. Sep 23, 2026🚦 Бишкекте жол тыгындарына каршы кескин чаралар көрүлбөйт Бишкек мэриясы жол тыгындарын а…
Threads Profile ViewerView any public Threads profile without an account.Open ThreadLook →Writing with AI? Make it sound human.Metric37 rewrites AI drafts so they read naturally. Free AI detector, 1,500 words free.Try Metric37 →