TGViewer
OSHO OSHO @kgosho · 59.3K subscribers
Post #4765 7.65K
🤖 Изилдөө: Жасалма интеллект каржы боюнча кеңештердин 57%ын туура эмес берет



Популярдуу жасалма интеллект моделдери берген каржылык кеңештердин 57%ы туура эмес болуп чыккан. Ал эми татаал суроолордо ката кетирүү көрсөткүчү 88%га жеткен. Мындай маалымат Saturn финтех-компаниясынын изилдөөсүндө айтылат.

📊 Изилдөөдө ChatGPT, Claude, CoPilot, Grok жана Gemini сыяктуу 18 ЖИ модели 121 каржылык суроого жооп берген. Ар бир суроо 5 жолу берилип, жалпысынан 10 миңден ашык жооп талданган.

💳 Акысыз моделдер 63% учурда, ал эми акы төлөнүүчү моделдер 49% учурда жаңылышкан. Татаал суроолордо акысыз ЖИнин ката кетирүүсү 93%га жеткен.

⚠️ Көп кездешкен каталардын арасында эсептөөлөрдөгү жаңылыштыктар, тобокелдиктер тууралуу эскертүүлөрдү өткөрүп жиберүү, салыктагы өзгөрүүлөрдү эске албоо жана жок эрежелерди ойлоп табуу бар.

💰 Айрым туура эмес кеңештер олуттуу чыгымга алып келиши мүмкүн. Мисалы, бир модель пенсиялык салык боюнча туура эмес кеңеш берип, анын кесепетинен $23,3 миң айып пул салынышы мүмкүн болгон.

📌 Изилдөө авторлору адамдар ЖИнин жоопторун текшербей кабыл алса, туура эмес каржылык кеңештер керектөөчүлөргө олуттуу зыян келтириши мүмкүн экенин белгилешкен.



@kgosho Билип жаша!
Telegram OSHO @kgoshobot суроолоруңуз болсо чат ботко кайрылыңыз
More from @kgosho
  1. Sep 23, 2026🏛️ Бешинчи Элдик курултайга 700 делегат шайланат Кыргызстанда бешинчи Элдик курултайга да…
  2. Sep 23, 2026🇰🇬🇧🇾 Кыргызстан менен Беларусь жарандардын өлкөдө болуу эрежелерин жеңилдетет Кыргызст…
  3. Sep 23, 2026👷‍♀️ Кыргызстандагы бизнестин 76%ы кадр тартыштыгын өсүшкө негизги тоскоолдук деп атады К…
  4. Sep 23, 2026🤧 Кыргызстанда КРВИге миңдеген адам чалдыкты: ооругандардын 74%дан ашыгы — балдар Кыргызс…
  5. Sep 23, 2026🚦 Бишкекте жол тыгындарына каршы кескин чаралар көрүлбөйт Бишкек мэриясы жол тыгындарын а…
  6. Sep 23, 2026💻 «Касперский лабораториясы» өнүмдөрүн кыргызчага которо баштады «Касперский лабораторияс…
Threads Profile ViewerView any public Threads profile without an account.Open ThreadLook →Writing with AI? Make it sound human.Metric37 rewrites AI drafts so they read naturally. Free AI detector, 1,500 words free.Try Metric37 →