🇰🇬🇧🇾 Кыргызстан менен Беларусь жарандардын өлкөдө болуу эрежелерин жеңилдетет
Кыргызстандыктар жана беларус жарандары эки өлкөнүн аймагында 30 календардык күнгө чейин каттоосуз жүрө алышы мүмкүн.
📌 Тиешелүү келишимди ратификациялоо боюнча мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин тиешелүү комитети биринчи окууда жактырды.
📝 Келишимге 2025-жылдын 29-сентябрында Минск шаарында кол коюлган. Ал эки өлкөнүн жарандарына башка мамлекетте убактылуу болгон учурда 30 күнгө чейин жашаган жери боюнча каттоого турбоого мүмкүнчүлүк берет.
✈️ Бул чара өз ара сапарларды жеңилдетип, экономикалык жана туристтик байланыштарды кеңейтүүгө шарт түзүү максатын көздөйт.
🏥 Жыйында депутат Жылдыз Садырбаева Беларусиянын трансплантология тармагындагы тажрыйбасын эске алып, кыргызстандыктарга операция жасатуу үчүн квоталарды карап чыгууну сунуштады.
📍 Комитет мыйзам долбоорун биринчи окууда колдоду.
@kgosho Билип жаша!
Post #4764
16.2K