TGViewer
OSHO OSHO @kgosho · 59.3K subscribers
Post #4763 8.04K
👷‍♀️ Кыргызстандагы бизнестин 76%ы кадр тартыштыгын өсүшкө негизги тоскоолдук деп атады


Кыргызстандагы ишканалардын 76%ы кадрлардын жетишсиздигин өндүрүмдүүлүктү жогорулатууга тоскоол болгон негизги фактор деп эсептейт. Мындай жыйынтык Улуттук стратегиялык демилгелер институтунун изилдөөсүндө айтылды.

💰 56% ишкана негизги көйгөй катары чыгымдардын жогору экенин, ал эми 44%ы каржылоого жетүүнүн чектелүү экенин белгилеген.

📚 Ошол эле учурда сурамжылоого катышкан компаниялардын төрттөн бирине жакыны гана кызматкерлерин үзгүлтүксүз окутат.

🏭 Өндүрүш көлөмүн көбөйтүү зарыл болгондо ишканалардын 70%дан ашыгы кошумча жумушчуларды жалдоону же жумуш убактысын узартууну тандашат.

⚙️ Ал эми өндүрүштү кеңейтүү үчүн жабдууларды жаңыртууну 23% гана компания колдонот.

📌 Демек, көпчүлүк ишканалар өндүрүштү технология жана модернизация аркылуу эмес, кошумча эмгек күчүн тартуу менен көбөйтүп жатышат.


@kgosho Билип жаша!
Telegram OSHO @kgoshobot суроолоруңуз болсо чат ботко кайрылыңыз
More from @kgosho
  1. Sep 23, 2026🏛️ Бешинчи Элдик курултайга 700 делегат шайланат Кыргызстанда бешинчи Элдик курултайга да…
  2. Sep 23, 2026🤖 Изилдөө: Жасалма интеллект каржы боюнча кеңештердин 57%ын туура эмес берет Популярдуу ж…
  3. Sep 23, 2026🇰🇬🇧🇾 Кыргызстан менен Беларусь жарандардын өлкөдө болуу эрежелерин жеңилдетет Кыргызст…
  4. Sep 23, 2026🤧 Кыргызстанда КРВИге миңдеген адам чалдыкты: ооругандардын 74%дан ашыгы — балдар Кыргызс…
  5. Sep 23, 2026🚦 Бишкекте жол тыгындарына каршы кескин чаралар көрүлбөйт Бишкек мэриясы жол тыгындарын а…
  6. Sep 23, 2026💻 «Касперский лабораториясы» өнүмдөрүн кыргызчага которо баштады «Касперский лабораторияс…
Threads Profile ViewerView any public Threads profile without an account.Open ThreadLook →Writing with AI? Make it sound human.Metric37 rewrites AI drafts so they read naturally. Free AI detector, 1,500 words free.Try Metric37 →