🏛️ Бешинчи Элдик курултайга 700 делегат шайланат
Кыргызстанда бешинчи Элдик курултайга даярдык иштери башталды. Курултайга белгиленген квота боюнча жалпы 700 делегат шайланат.
👥 Делегаттар өлкөнүн 7 облусунан, Бишкек жана Ош шаарларынан, этникалык топтордон жана чет өлкөлөрдө эмгектенип жүргөн мигранттардын арасынан тандалат.
📌 Делегаттарды шайлоо тартибине жана процесстин ачыктыгына өзгөчө көңүл бурулууда. Аймактардагы мамлекеттик органдарга тиешелүү уюштуруу иштерин өз убагында жүргүзүү тапшырылды.
📅 Бешинчи Элдик курултай 2026-жылдын 18-декабрында Бишкекте өтөт. Анын датасын президент Садыр Жапаров 3-сентябрдагы жарлыгы менен белгилеген.
@kgosho Билип жаша!
Post #4766
16.2K