🇨🇳🇺🇸 Си Цзиньпин АКШга 11 жылдан кийинки биринчи мамлекеттик сапары менен барды
Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин АКШга 11 жылдан бери биринчи жолу мамлекеттик сапар менен барып, Ак үйдө АКШ президенти Дональд Трамп менен жолугушту.
📌 Си Цзиньпиндин негизги билдирүүлөрү:
🤝 Кытай менен АКШ адамзаттын өнүгүүсүнө жана прогрессине көмөктөшүү боюнча тарыхый жоопкерчиликке ээ.
🌍 Эки өлкө байланыштарды бекемдеп, чын ыкластуу кызматташып, тынчтыкта жанаша жашоого тийиш. Атаандаштык дени сак жана так белгиленген чектерде болушу керек.
🕊️ Пекин менен Вашингтон чыр-чатакка жана тирешүүгө жол бербөөгө тийиш. Эки өлкөнүн куралдуу күчтөрү үзгүлтүксүз диалог жүргүзүп, кризистик байланыш механизмдерин жакшыртышы керек.
🤖 Кытай АКШ менен жасалма интеллект, баңгизатка каршы күрөш жана укук коргоо тармагында кызматташтыкты кеңейтүүгө, ошондой эле түз авиакаттамдардын санын көбөйтүүгө даяр.
🎓 Жакынкы беш жылда Кытай 100 миң жаш америкалыкты билим алуу жана алмашуу программаларына чакырууну пландап жатканын билдирди.
🐼 Ошондой эле Си Цзиньпин жакынкы күндөрү Пинпин жана Фушуан аттуу эки чоң панда Атлантадагы зоопаркка жеткирилерин айтты.
«Кытай элинин улуу кайра жаралуусуна умтулуу менен Американы кайрадан улуу кылуу аракети бири-бирине карама-каршы келбейт», — деди Си Цзиньпин.
@kgosho Билип жаша!
Post #4778
9.01K
