TGViewer
OSHO OSHO @kgosho · 59.2K subscribers
Post #4777 13.9K
🚗 Кыргызстан жыл башынан бери 800 млн долларга жакын суммага 92 миңден ашык жеңил унаа импорттоду



Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда, 2026-жылдын январь–июль айларында Кыргызстанга 92 056 жеңил автоунаа киргизилген. Алардын жалпы баасы 797,3 млн долларды түзгөн.

📈 Ал эми ушул эле мезгилде өлкөдөн 2 329 жеңил унаа 56,8 млн долларга экспорттолгон. Демек, импорттун көлөмү экспорттон 39,5 эсеге, ал эми акчалай көрсөткүчү 14 эсеге көп.

🇨🇳 Негизги жеткирүүчүлөр:

• 🇨🇳 Кытай — 44 635 унаа, импорттун 56,91%;
• 🇰🇷 Түштүк Корея — 30 890 унаа, 21,15%;
• 🇺🇸 АКШ — 5 160 унаа;
• 🇩🇪 Германия — 2 462 унаа;
• 🇯🇵 Япония — 2 736 унаа.

🚘 Мындан тышкары, Кыргызстан 15 496 жүк ташуучу унаа, 1 938 атайын техника жана 875 автобус импорттогон.

🇷🇺 Экспорттолгон жеңил унаалардын басымдуу бөлүгү Россияга кеткен — 1 966 автоунаа же 81,63%.

💰 Натыйжада январь–июль айларында жеңил автоунаалар боюнча Кыргызстандын соода балансынын тартыштыгы 740,5 млн долларга жеткен.



@kgosho Билип жаша!
Telegram OSHO @kgoshobot суроолоруңуз болсо чат ботко кайрылыңыз
More from @kgosho
  1. Sep 26, 2026🇷🇺🇰🇬 Августта Россия Кыргызстанга дизелдик отун жеткирүүнү 16 эсеге көбөйттү Reuters а…
  2. Sep 26, 2026🇺🇿💳 Өзбекстанда санариптик сум 2029-жылга чейин ишке кириши мүмкүн Өзбекстандын Борборд…
  3. Sep 26, 2026🗳️ Садыр Жапаров талапкерлерди үгүттөгөн чиновниктерди кызматтан бошотууну тапшырды Прези…
  4. Sep 25, 2026🚀🇰🇬 Кыргызстан космоско чыгууда: өлкөнүн алгачкы спутниги тааныштырылды Кыргызстандын а…
  5. Sep 25, 2026🗑️ Кыргызстанда таштанды таштагандарга айып пулду күчөтүү сунушталууда Кыргызстанда урукс…
  6. Sep 25, 2026📚 Окуу китептеринин айланасындагы чыр: «Окуу китеби» жетекчиси ишкананын милдеттерин түшү…
Threads Profile ViewerView any public Threads profile without an account.Open ThreadLook →Writing with AI? Make it sound human.Metric37 rewrites AI drafts so they read naturally. Free AI detector, 1,500 words free.Try Metric37 →