🚨 Жалал-Абадда окуучулардын өлүмү: Агартуу министрлиги атайын комиссия түздү
Жалал-Абад облусунун Сузак жана Чаткал райондорунда окуучулардын өлүмүнө байланыштуу атайын комиссия түзүлүп, окуянын себептерин аныктоо үчүн жеринде иштеп жатат. Бул тууралуу Агартуу министрлиги билдирди.
📚 Министрликтин маалыматына караганда, окуучулар арасында зомбулукту жана укук бузууларды алдын алуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө. 2025-жылы «Э-Күндөлүк» тиркемесине «Коркпо, кабарла!» аттуу анонимдүү билдирүү жөнөтүү функциясы киргизилген.
👨👩👧👦 Жаңы окуу жылы алдында ата-энелер үчүн «Бактылуу бала — бактылуу үй-бүлө — ийгиликтүү мектеп» темасында иш-чаралар өткөрүлгөн. Ошондой эле «Ата-энелер мектеби» программасынын алкагында ата-эне, окуучу жана мугалимдердин байланышын жакшыртууга багытталган иштер жүргүзүлүүдө.
🧠 Окуучулардын психологиялык саламаттыгын колдоо үчүн мектептердин штаттык түзүмүнө психолог кызматы киргизилген. Мындан тышкары, зомбулукту жана укук бузууларды алдын алуу боюнча социалдык видеороликтер даярдалып, таратылууда.
⚠️ Жаңы окуу жылы башталгандан кийинки бир нече күндүн ичинде Кыргызстанда мушташтан эки өспүрүм каза болгон. Эки окуя тең Жалал-Абад облусунда катталган. Маселе Жогорку Кеңеште да көтөрүлдү.
@kgosho Билип жаша!
Post #4779
10.3K