🌍 2026-жылы мунапыс менен 11 миңдей чет элдик Кыргызстанды таштап кеткен
Кыргызстанда мыйзамсыз жүргөн 11 миң чет өлкөлүк жаран 2026-жылы жарыяланган мунапыс алкагында өлкөдөн өз ыктыяры менен чыгып кеткен. Бул тууралуу Тышкы иштер министринин орун басары Сейтек Жумакадыр уулу Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
📌 Анын айтымында, учурда Кыргызстанда дагы 500–600дөй мыйзамсыз жүргөн чет элдик болушу мүмкүн. Аларды өлкөдөн чыгаруу боюнча иштер уланууда.
💰 Чет элдиктерден алынган кошумча жыйым 5 миң сомду түзөт. 2025-жылы мындай жыйымдардан болжол менен 250 млн сом түшүп, мигранттарды өлкөдөн чыгаруу чараларына жумшоо үчүн ИИМге өткөрүлүп берилген.
🔎 Мыйзамсыз жүргөн чет элдиктерди аныктоодо чакыруучу тарап тууралуу маалыматтар, ИИМдин тиешелүү бөлүмдөрү жана мамлекеттик органдардын бирдиктүү тышкы миграцияны эсепке алуу системасы колдонулат.
@kgosho Билип жаша!
Post #4758
16K