🎓 Кыргызстанда башка аймакта окуган студенттерге жылына 4 жолу авиакаттам төлөнүп берилиши мүмкүн
Кыргызстанда жашаган аймагынан башка жердеги ЖОЖду тандаган студенттерге айына 2 500 сом стипендия жана жылына 4 ички авиакаттамдын чыгымы төлөнүшү сунушталууда.
📌 Студенттер аралык мобилдүүлүк боюнча 2026–2031-жылдарга эсептелген программа коомдук талкууга чыгарылды. Анын максаты — жаштарга өлкөнүн каалаган аймагында жогорку билим алууга шарт түзүү.
💰 Студентке жылына:
• 25 миң сом — 10 айлык стипендия;
• 18 миң сом — 4 авиакаттамга;
• жалпы 43 миң сомго жакын колдоо көрсөтүлөт.
✈️ 2027–2028-окуу жылында программага 4 миң студентти камтуу пландалууда. Стипендияга 100 млн сом, авиабилеттерге 72 млн сом каралып, жалпы чыгым 172 млн сомду түзөт.
🏫 Мындан тышкары, 2031-жылга чейин 24 720 орундуу жатаканаларды куруу жана реконструкциялоо сунушталууда. Долбоордун болжолдуу баасы — 25,6 млрд сом.
📚 Студенттик кампустарда китепкана, спорт аянтчалары, ашкана, окуу борборлору жана эс алуу жайлары болот.
📈 2027–2028-окуу жылынан тарта мамлекеттик билим берүү гранттарынын болжол менен 40%ын аймактар аралык мобилдүүлүккө багыттоо сунушталууда. Финансылоо негизинен республикалык бюджеттен, ошондой эле жергиликтүү бюджеттерден, эл аралык гранттардан жана жеке инвестициялардан жүргүзүлөт.
@kgosho Билип жаша!
Post #4756
15.4K