🏛️ Кыргызстан боюнча маданият үйлөрүнө инвентаризация жүргүзүлөт
Маданият министрлиги өлкө боюнча бардык маданият үйлөрүнүн абалын текшерип, инвентаризация жүргүзөт. Бул тууралуу министр Мирбек Мамбеталиев Жогорку Кеңештин комитетинин жыйынында билдирди.
📍 Депутат Уланбек Жаанбаев аймактардагы маданият үйлөрүнүн абалы начар экенин айтып, аларды толук текшерип, оңдоп-түзөөнү сунуштаган.
🔎 Министрдин айтымында, кийинки жумадан тарта өзү жана орун басарлары аймактарга бөлүнүп, маданият үйлөрүнүн абалын жеринен текшеришет.
🛠️ Инвентаризация аяктагандан кийин имараттарды оңдоо жана калыбына келтирүү иштери жүргүзүлөт.
@kgosho Билип жаша!
Post #4754
15.1K