🏠 Жогорку Кеңештин комитети кыймылсыз мүлккө өзүнө өзү тыюу салуу механизмин колдоду
Жогорку Кеңештин тиешелүү комитети кыймылсыз мүлккө болгон укуктарды мамлекеттик каттоо боюнча мыйзамга өзгөртүүлөрдү биринчи окууда жактырды.
🔐 Мыйзам долбоору жарандарга өзүнүн үйү же башка кыймылсыз мүлкү боюнча каттоо аракеттерине өз алдынча тыюу коюуга мүмкүнчүлүк берүүнү карайт.
📌 Демилгечи депутат Дастан Бекешов бул механизмди кыймылсыз мүлккө байланыштуу алдамчылык фактылары көбөйүп жатканына байланыштуу сунуштаган.
⏳ Башында тыюу салуунун мөөнөтүн 24 саат кылуу сунушталган. Министрлер кабинети аны 72 саатка узартууну сунуштады.
Эгер жаран ушул убакыт ичинде чечимин өзгөртпөсө, белгиленген тартипте мүлктү кайра каттоого мүмкүнчүлүк түзүлөт.
📍 Комитет мыйзам долбоорун талкуусуз эле биринчи окууда колдоду.
@kgosho Билип жаша!
Post #4752
13.9K