TGViewer
OSHO OSHO @kgosho · 59.2K subscribers
Post #4750 13.9K
📚 Кыргызстанда окуу китептерин чыгарууну тездетүү тапшырылды



Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев мектептерди окуу китептери, иш дептерлери жана мугалимдер үчүн усулдук колдонмолор менен камсыздоо маселеси боюнча жыйын өткөрдү.

📖 Жыйын 12 жылдык билим берүүгө өтүүнүн алкагында окуу адабияттарын чыгаруу жана мектептерге жеткирүүгө арналды.

💰 2025-жылы окуу китептерин чыгарууга 855 млн сом жумшалып, жалпы 4 млн 735 миң 870 даана окуу-усулдук комплекс басылып, мектептерге жеткирилген.

📦 2026-жылы окуу материалдарын чыгарууга бюджеттен 744 млн сом каралган. Кошумча 16,2 млн сом бөлүнгөн. Жалпысынан 3 млн 668 миң 606 даана материал чыгаруу пландалган. Анын 2 млн 455 миң 868 даанасы мектептерге жеткирилген, 1 миллиондон ашыгы дагы жеткирүү стадиясында.

⚠️ Буга чейин окуу китептеринин базарларда эркин сатылып жатканы боюнча маалыматтар чыккан. Бул фактыны укук коргоо органдары текшерип жатат.

📌 Жыйынтыгында Билим берүү министрлигине окуу китептерин иштеп чыгуу, даярдоо жана басып чыгаруу иштерин тездетүү, тиешелүү адистерди жана эксперттерди тартуу тапшырылды. Мектептердин китептер менен камсыз болушу ай сайын көзөмөлдөнүп турат.



@kgosho Билип жаша!
Telegram OSHO @kgoshobot суроолоруңуз болсо чат ботко кайрылыңыз
More from @kgosho
  1. Sep 23, 2026🏛️ Бешинчи Элдик курултайга 700 делегат шайланат Кыргызстанда бешинчи Элдик курултайга да…
  2. Sep 23, 2026🤖 Изилдөө: Жасалма интеллект каржы боюнча кеңештердин 57%ын туура эмес берет Популярдуу ж…
  3. Sep 23, 2026🇰🇬🇧🇾 Кыргызстан менен Беларусь жарандардын өлкөдө болуу эрежелерин жеңилдетет Кыргызст…
  4. Sep 23, 2026👷‍♀️ Кыргызстандагы бизнестин 76%ы кадр тартыштыгын өсүшкө негизги тоскоолдук деп атады К…
  5. Sep 23, 2026🤧 Кыргызстанда КРВИге миңдеген адам чалдыкты: ооругандардын 74%дан ашыгы — балдар Кыргызс…
  6. Sep 23, 2026🚦 Бишкекте жол тыгындарына каршы кескин чаралар көрүлбөйт Бишкек мэриясы жол тыгындарын а…
Threads Profile ViewerView any public Threads profile without an account.Open ThreadLook →Writing with AI? Make it sound human.Metric37 rewrites AI drafts so they read naturally. Free AI detector, 1,500 words free.Try Metric37 →