📉 Кыргызстанда 2027-жылы инфляцияны кармоого 39 млрд сом бөлүү пландалууда
Кыргызстанда 2027-жылы инфляцияны 8–9% деңгээлинде кармоо үчүн 39 млрд сом багыттоо пландалууда. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев билдирди.
⛽ Каражаттын негизги бөлүгү күйүүчү-майлоочу майлардын баасын субсидиялоону улантууга жумшалат. Амангелдиевдин айтымында, субсидиянын эсебинен Кыргызстандагы күйүүчү майдын баасы коңшу өлкөлөргө салыштырмалуу болжол менен 50 сомго айырмаланат.
🐄 Ошондой эле фермерлерге субсидия берүү улантылат. Өкмөт эттин баасы инфляцияга таасир эткен факторлордун бири экенин белгиледи.
🌾 Мындан тышкары, дан азыктарын КНСтен бошотуу жана логистикалык борборлорду курууга ниеттенгендерге субсидия берүү пландалууда.
🌍 Өкмөт инфляцияга дүйнөлүк экономикалык процесстер жана уланып жаткан куралдуу кагылышуулар да таасир берип жатканын белгиледи.
@kgosho Билип жаша!
Post #4753
15.8K