📉 Кыргызстанда бааларды кармоо боюнча жаңы план сунушталды
Экономика министрлиги 2026–2027-жылдары товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн баасын турукташтыруу боюнча өкмөттүн планын жарыялады. Максат — 2027-жылы инфляцияны 7,7–8,5% деңгээлинде кармоо.
🐄 Мал жана эт: «Кыргыз Агрохолдинг» Казакстан, Беларусь жана Россиядан 20 миң баш бодо мал алып келүүнү пландоодо. Ошондой эле 11 соода-логистикалык борбор жана ортомчусуз соода кылган 100 түз сатуу түйүнүн түзүү каралган.
🌾 Буудай жана ун: Казакстан менен Россиядан 700 миң тонна буудай алып келүү пландалууда. Буудай импортунда КНСтен бошотууну 2027-жылдын аягына чейин узартуу сунушталууда.
🐔 Канаттуулар жана май: төрт облуста ири канаттуулар чарбаларын куруу, ал эми өсүмдүк майын көбөйтүү үчүн 20 миң тонна тазаланбаган май сатып алуу пландалууда.
🥛 Сүт: алыскы жайыттарда 50 сүт кабыл алуу пункту түзүлөт. Сүттү кайра иштетүүчүлөргө субсидия берүү үчүн 750 млн сом каралган.
⛽ Күйүүчү май: импорттук күйүүчү майдын баасын кармап туруу үчүн нефтетрейдерлерге компенсация төлөнөт. 2026-жылдын 24–25-августуна карата 956,1 млн сом бөлүнгөн. Механизм жыл аягына чейин узартылган.
🏭 Өндүрүш: 2024–2026-жылдары «100 өнөр жай ишканасы» долбоорунун алкагында 281 ишкана ишке киргизилген. Жыл аягына чейин дагы 47 ишкана ачуу пландалууда.
🏠 Ижара акысы: жеке турак жайлардын ижарасына бирдиктүү баа коюу пландалбайт. Анын ордуна турак жай сунушун көбөйтүү, мамлекеттик ипотеканы жана ижаралык үйлөрдү курууну өнүктүрүү сунушталууда.
💳 Мындан тышкары, мамлекеттик жана муниципалдык органдар белгилеген тарифтерди, жыйымдарды жана башка төлөмдөрдү жогорулатууга бир жылдык мораторий киргизилген.
@kgosho Билип жаша!
Post #4751
15.7K