🏠 Бишкекте жаңы үйлөрдөгү батирлерди сатуу 25,5% өстү
Кыргызстанда 2026-жылдын январь–август айларында турак жай рыногунда Бишкек менен Ошто карама-каршы динамика байкалды.
🏙️ Бишкекте батирлерди сатып алуу-сатуу боюнча 8 469 бүтүм катталып, былтыркыга салыштырмалуу 11,8% көбөйгөн. Жаңы үйлөрдөгү батирлердин сатылышы 25,5% өскөн, ал эми совет мезгилиндеги 104, 105 жана 308-сериядагы батирлер боюнча бүтүмдөр 7,98% азайган.
📉 Инфляцияны эске алганда, Бишкекте батирлердин реалдуу баасы 2,95% төмөндөгөн.
🏢 Жеке типтеги батирлердин реалдуу баасы эң көп арзандаган:
• 1 бөлмөлүү — 11,23%
• 2 бөлмөлүү — 8,54%
• 3 бөлмөлүү — 7,73%
• 4 бөлмөлүү — 9,07%.
🏘️ Ошто болсо тескерисинче, батир сатуу боюнча бүтүмдөрдүн саны 7,4% азайып, 2 586га түшкөн. Бирок инфляцияны эсептен чыгарганда турак жайдын баасы 18,1% өскөн.
🏡 Бишкекте жеке үйлөрдүн орточо баасы 17,45 млн сомду түздү. Номиналдуу баа 7,88% өссө, инфляцияны эске алганда 2,04% төмөндөгөн.
Ош шаарында жеке үйлөрдүн реалдуу баасы 9,04% өскөн.
@kgosho Билип жаша!
Post #4748
15.2K