📚 Өлкөдө Ага Хан билим берүүгө кайрадан “азуусун” салууда
Жогорку Кеңештин депутаты Токтобүбү Ашимбаева Глобалдык билим берүү өнөктөштүгү жана Ага Хан фондунун өкүлдөрү менен жолугушту.
📌 Жолугушууда Кыргызстандын билим берүү системасын өнүктүрүү, окуу программаларын даярдоо, окуу китептеринин авторлорун колдоо жана мектеп лабораторияларын жаңылоо маселелери талкууланды.
Бул темалар өлкө 12 жылдык билим берүү системасына өтүп жаткан шартта өзгөчө актуалдуу болуп жатат.
Ага Хан фондунун өкүлү Давлатсултон Доргабекова Кыргызстанда буга чейин ишке ашырылып жаткан долбоорлор тууралуу айтып, билим берүү багытындагы демилгелерди мындан ары да кеңейтүү ниетин билдирди.
⚠️ Ошол эле учурда чет өлкөлүк фонддордун билим берүү саясатына катышуусу коомчулукта суроо жаратып келет.
Анткени тышкы жардам улуттук кызыкчылыктарга толук шайкеш келгенде гана пайдалуу болот. Каржылоо механизмдери, программалардын мазмуну жана билим берүү күн тартибине тийгизген таасири ачык-айкын болуп, мамлекеттин көзөмөлүндө турушу керек.
Ага Хан фондунун Борбор Азиядагы билим берүү реформаларына катышуусу мурдадан бери талкуу жаратып келет.
Фонддун сынчылары жана аймактагы консервативдүү топтор уюмду билим берүү программалары жана Борбор Азия университети аркылуу исмаилизмди жашыруун жайылтууга аракет кылат деп айыптап келишет. Исмаилизм — шиизмдеги агымдардын бири, аны Ага Хан IV жетектейт.
Мындан тышкары, коңшу Тажикстандын Тоолуу-Бадахшан автоном облусунда акыркы жылдары Ага Хан институттарынын ишмердүүлүгү бийлик тарабынан дээрлик токтотулган. Буга жергиликтүү оппозицияны каржылоо жана гуманитардык долбоорлорду “саясатташтыруу” боюнча айыптоолор себеп болгону айтылып келет.
Кыргызстанда Ага Хан фондунун ишмердүүлүгүнө расмий тыюу жок. Бирок фонддун мектептик билим берүү сыяктуу сезимтал тармактарга катышуусу ансыз да чайпалып жаткан бул тармакты таз-тарпын чыгарбагай эле же министр айымдын каалоосу ушулбу?..
@kgosho Билип жаша!
Post #4160
6.8K