TGViewer
OSHO OSHO @kgosho · 58.9K subscribers
Post #1460 1.77K
Бишкектеги бардык лицейлер менен гимназиялар өзгөчө макамынан ажыратылды

Бишкектеги
бардык лицей жана гимназиялар өзгөчө макамынан ажыратылды. Бул маалыматты 24.kgге борбор калаанын билим берүү башкармалыгынан тастыктаган.

Ведомстводон билдиришкендей, бул мекемелер мындан ары орто жалпы билим берүүчү уюмдар катары ишин улантат.

Эми алар кайрадан каттоодон өтүшү керек.


Буга чейин No29, 20, 26, 63, 64, 91, 68, 72, 74, 23, 62, 9, 39, 31, 95-мектептер кайра каттоодон өткөн. Калган лицей, гимназиялар дагы ушул процедурадан өтүп жатышат.


"Кайра каттоо министрлер кабинетинин 2024-жылдын 27-августундагы №519 токтомунун алкагында жүрүп жатат. Ага ылайык, республиканын бардык мектептери гимназия же лицей катары өзгөчө статусун жоготот

", — деп баса белгилешет ведомстводон.

Бул эмне берет?

❌ Окуу жай админстрациялары 12 жылдыкка өтүп жатканда жаңы ыкмада окутуу процесстерине даярдангандын ордуна документтик иштерин жөнгө салуу менен алектенишет, бул албетте сентябрда мектепке келген балдардын билим сапатына таасирин тийгизет.

❌ Гимназия же лицей болгону үчүн мугалимдерге кошумча төлөнүүчү төлөмдөр жоюлат. Бул өз кезегинде мыкты педагогдордун массалык түрдө иштен кетишине алып келет.

❌ Статусуна жараша иштөө деген түшүнүк жоюлуп, мугалимдер жөн гана "күн өтсө эсеп" деген саясат менен балдарды окутуп калышат. Анткени умтулууга эч кандай стимул жок.

❌ Жыйынтыгында мунун бары келип, балдардын билим сапатына кедергисин тийгизет.

Билим берүү тармагын өнүктүрө албаган министр айым, министрликтин көмөгүсүз өнүгүп, келечек муундарга татыктуу билим берип, эл аралык таймаштарда Кыргызстандын желегин желбиретип келген окуучуларды даярдаган билим мекемелерине мына ушундай "жардам" берип жатат. Андан көрө мамлекеттик мектептерди гимназиялардын деңгээлине көтөрсө болмок.



Албетте, жаратканга караганда бузуш дайыма оңой эмеспи... Д. Кендирбаева мындай жол менен "Акылман" аталган президенттин алдындагы мектептин аброюн "көтөрүүгө" аракет кылып жатат. Бирок, жасалма аракет жемишин береби? Бул тескерисинче президентти баш кылып элге жаман көрсөтпөйбү? Албетте, Кендирбаева үчүн муну ойлонуу кызыксыз. Анткени ал Батыштан алган акчаларын сиңирүү менен алек да.






@kgosho Билип жаша!
Telegram OSHO @kgoshobot суроолоруңуз болсо чат ботко кайрылыңыз
More from @kgosho
  1. Oct 2, 2026🛰️🇰🇬 Кыргызстандын биринчи улуттук спутниги орбитага чыгарылды Президент Садыр Жапаров…
  2. Oct 2, 2026🇺🇸🇮🇶 Пентагон Ирактагы 12 жылдык антитеррордук операциянын аяктаганын жарыялады АКШнын…
  3. Oct 2, 2026🏠 МИКке 35 млрд сомдук насыяларды реструктуризациялоо сунушталды Жогорку Кеңештин Финансы…
  4. Oct 2, 2026🇷🇺 Россияда 1-октябрдан тартып патент менен иштеген мигранттар үчүн жаңы талаптар күчүнө…
  5. Oct 2, 2026🚗 «Түндүк» тиркемесинде айдоочулук күбөлүк боюнча кызматтар убактылуу жеткиликсиз «Түндүк…
  6. Oct 2, 2026🇰🇬 Баткен жана Ош облустарында 11 жаңы айыл түзүү сунушталды Кыргызстанда Баткен жана Ош…
Threads Profile ViewerView any public Threads profile without an account.Open ThreadLook →Writing with AI? Make it sound human.Metric37 rewrites AI drafts so they read naturally. Free AI detector, 1,500 words free.Try Metric37 →