TGViewer
Channel Public Channel
Телеканал "Region"

Телеканал "Region"

@trkregion

"Region" - канал с характером!
Subscribers
219
Photos
2.8K
Videos
5.4K
Links
2.9K
Recent Posts 20 shown
Post #10067 7
ОКУУ КИТЕПТЕРИН БАСЫП ЧЫГАРУУГА 8,5 МИЛЛИАРД СОМ БӨЛҮНДҮ
Post #10066 10
КАЗАК БИР ТУУГАНДАРГА КӨҢҮЛ АЙТАБЫЗ!
Post #10065 19
ОШ ОБЛУСУНДА ҮЧ КҮНДҮК КОМАНДАЛЫК-ШТАБДЫК МАШЫГУУ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ. КЫРСЫК УЧУРУНДА КЫЗМАТТАРДЫН ӨЗ АРА АРАКЕТИ КӨРСӨТҮЛДҮ
Post #10064 20
КАСПИЙДЕГИ ТРАГЕДИЯ: 14 АСКЕР КАЗА БОЛДУ, БЕШ КЫЗМАТ АДАМЫ КАРМАЛДЫ...
Post #10062 17
КЫРГЫЗСТАН ГЛОБАЛДЫК ЖАСАЛМА ИНТЕЛЛЕКТ АЛЬЯНСЫНА КИРДИБИ?
Касымалиев Кытайдагы дүйнөлүк технологиялык гиганттар менен эмнелерди сүйлөштү?
Post #10060 18
«КЫРГЫЗАЛТЫНДЫН» ТӨРАГАСЫ ТОГОЛОК АЛТЫН КЕНИНЕ БАРДЫ

“Кыргызалтын” ачык акционердик коомунун Башкармалыгынын төрагасы Кубат Абдраимов Тоголок алтын кенине барды.

Жумушчу сапардын алкагында ал жаңы кендеги тоо-кен иштеринин жүрүшү, геологиялык чалгындоо жана инфраструктураны куруу процесси менен жеринде таанышты.

Ошондой эле Кубат Абдраимов “Кумтөр Голд Компани” жана “Кумтөр Оперейтинг Компанинин” жетекчилиги менен кен жайдын карьеринде көчмөн жыйын өткөрүп, өндүрүштүк пландардын аткарылышын текшерди.
Төрага Тоголок кенин ишке киргизүү өлкөнүн тоо-кен тармагын өнүктүрүүдө тарыхий мааниге ээ экенин баса белгиледи.

“Тоголок кени - Кыргызстан толугу менен өз күчү менен ишке ашырып жаткан маанилүү долбоор. Эч кандай чет элдиктердин жардамы жок, өз каражатыбызга, өзүбүздүн адистерибиз менен нөлдөн баштап, жаңы өндүрүштү түптөп жатабыз. Ошондуктан ар бирибиздин мойнубузга жүктөлгөн бул тарыхий милдетти татыктуу аткаралы” - деди.

“Кыргызалтындын” башчысы жыйындын акырында тоо-кен иштерин белгиленген план менен өз убагындабүтүрүү, кызматкерлерге татыктуу эмгек шарттарын түзүү жана техникалык коопсуздук эрежелерин тыкыр сактоо боюнча бир катар конкреттүү тапшырмаларды берди.

Ошондой эле, Кубат Абдраимов Сары-Бел коктусундагы Алтын ылгоочу фабриканын курулуш иштерине старт берип, пайдубалына мезгил кутучасын салды.

“Кыргызстанда акыркы жылдары жүздөгөн жаңы өндүрүштөр ишке берилип, келечегибизге бекем пайдубал түптөлүүдө. Ошолордун катарындагы ушул алтын ылгоочу фабрикабыздын дагы пайдубалы бекем болуп, элибиздин бакубатчылыгы үчүн кылымдар бою кызмат кылсын” деп ак тилегин айткан Кубат Абдраимов баардык кызматкерлерге күч кубат жана ийгилик каалады.

Маалымат үчүн:

Тоголок алтын кени 1978-жылы ачылган. Кенди өздөштүрүү жана Жангарт аянтын чалгындоо боюнча 2023-жылы “Кумтөр Оперейтинг Компаниге” лицензия берилип, 2026-жылдын июнь айында Тоголок кенинин карьеринде тоо-кен иштери башталган. Тоголок кениндеги 20 тоннага жакын алтындын запасы мамлекеттик баланска коюлган. Ал эми Жангарт аянтындагы геологиялык чалгындоо иштери кийинки жылы аяктайт.
Post #10059 20
Президент Садыр Жапаров Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаевге көңүл айтты

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров аскер кызматкерлеринин өлүмүнө алып келген кайгылуу окуяга байланыштуу Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаевге көңүл айтты.

“Каспий деңизинде аскердик машыгуу өткөрүү учурунда болгон кайгылуу окуянын кесепетинен Казакстан Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн аскер кызматчыларынын каза болгондугу тууралуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым.

Кыргыз Республикасынын элинин жана жеке өзүмдүн атымдан Сизге, каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө, туугандарына жана жакындарына аза кайгысын тең бөлүшүп көңүл айтам жана жабыр тарткандардын тезирээк сакайып кетишин каалайм”, - деп айтылат Мамлекет башчысынын телеграммасында.
Post #10058 19
КАЗАКСТАНДА ОКУУ-МАШЫГУУДА 9 АСКЕР КАЗА БОЛДУ
24-сентябрда Казакстандын Маңгыстау облусунда аскер-деңиз күчтөрүнүн окуу-машыгуусунда кырсык болду. Бул тууралуу Казакстандын Коргоо министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, аба ырайы кескин начарлап, катуу шамал жана бороон болгон. Анын кесепетинен 19 аскер кызматкерин деңиз агымы алып кеткен.
Алдын ала маалымат боюнча, 9 аскер каза болуп, үчөө куткарылган. Алардын бири ооруканага жаткырылды.
Учурда дагы жети аскерди издөө иштери улантылууда. Кырсык болгон жерге Коргоо министрлигинин, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жана Чек ара кызматынын күчтөрү, атайын кемелер, авиация жана башка ыкчам кызматтар тартылган.
Post #10057 16
ОШТУН МЭРИ АКБАР АБДУЛЛАЕВДИ КАБЫЛ АЛДЫ
Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев мушкер Акбар Абдуллаевди кабыл алды.
Мэр аны АКШдагы жеңиши менен куттуктап, атайын белек жана акчалай сыйлык тапшырды.
Эске салсак, 15-сентябрда Акбар Абдуллаев Dana White’s Contender Series турниринде бразилиялык Эднилсон Сантосун 19 секундда нокаут менен жеңген.
Бул жеңиштен кийин кыргызстандык мушкер UFC менен расмий келишим түзгөн.
Post #10056 16
ДЕНИС ПЕТРАШОВ АЗИЯ ОЮНДАРЫНДА КҮМҮШ МЕДАЛЬ ЖЕҢДИ
Кыргызстандык суучул Денис Петрашов Азия оюндарында 200 метрге брасс ыкмасы боюнча күмүш медаль тагынды.
Ал аралыкты 2 мүнөт 8,67 секундда сүзүп өтүп, жеңүүчүдөн 4 секундга жетпеген айырма менен артта калды.
Бул Кыргызстандын Азия оюндарындагы төртүнчү медалы. Буга чейин спортчуларыбыз ММА боюнча үч коло медаль уткан.
Post #10055 17
Post #10054 19
КОРКУНУЧ ЖАРАЛГАНДА ОРГАНДАР МЕНЕН АТАЙЫН КЫЗМАТТАРДЫН КАНЧАЛЫК ДЕҢГЭЭЛДЕ ДАЯР?
Ош облусунда республикалык команда-штабдык машыгуу башталды.
Post #10053 19
КЫРГЫЗСТАНДЫН ДҮЙНӨЛҮК АРЕНАДАГЫ ПОЗИЦИЯСЫ
Садыр Жапаров чек араларды тынчтык жолу менен чечүү тажрыйбасын жана чакан мамлекеттердин укуктарын ортого салды.
Post #10052 16
СУЗАКТА 2,5 МИҢГЕ ЖАКЫН ОКУУЧУ УБАКТЫЛУУ ЖАЙЛАРДА ОКУУДА
Сузак районунда миңдеген окуучу убактылуу мечит, медресе жана спорт залдарда билим алып жатышат. Кара-Дарыя айыл аймагында бир учурда эки мектепте капиталдык оңдоо иштери башталып, дагы бир мектепте жаңы окуу корпусу курулууда. Окуу процесси үзгүлтүккө учурабашы үчүн айыл өкмөтү, имамдар, ата-энелер жана мектеп жамааты биргеликте зарыл шарттарды түзүшкөн.
Post #10051 16
ПРЕЗИДЕНТТИК ШАЙЛООНУН КҮНҮ БЕЛГИЛҮҮ БОЛДУ
Жогорку Кеңештин 24-сентябрдагы жыйынында президенттик шайлоону дайындоо боюнча токтом кабыл алынды. Ага катышкан 86 депутаттын баары макул добуш берди.
Колдонуудагы конституциялык мыйзамга ылайык, кезектеги президенттик шайлоо президенттин ыйгарым укуктары аяктаган жылдын январь айынын төртүнчү шаршембисинде өткөрүлөт.
Демек, Кыргызстанда кезектеги президенттик шайлоо 2027-жылдын 27-январына туш келет.
Post #10050 16
8 КҮНДӨ 3 КОНТИНЕНТ: ПРЕЗИДЕНТТИН САПАРЫ КАНДАЙ ӨТТҮ?
Президент Садыр Жапаров АКШга болгон иш сапарын жыйынтыктап, Бишкекке кайтып келди.
Президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдиргендей, Мамлекет башчысы 15-сентябрдан тарта Корея Республикасында жана АКШда иш сапарда болду. Сегиз күндүк сапардын 32 сааты учакта өттү.
Анын айтымында, «№1 борт» Бишкек–Сеул–Аляска–Солт-Лейк-Сити–Нью-Йорк–Шаннон–Бишкек багыты боюнча учуп, жер шарын толук айланып өттү.
Жыйынтыгында Президенттин сапары үч континентти камтыды.
«Кореяда Президент Садыр Жапаров расмий сапар менен болуп эң жогорку деңгээлдеги жолугушууларды өткөрдү, биринчи Корея-Борбор Азия саммитине катышты.
Американын Ютанын жетекчилиги менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, штаттагы лыжа курортун кеңейтүү долбоору жана Олимпиадалык парк менен таанышып, тоо туризмин жана спорттук инфраструктураны өнүктүрүү тажрыйбасын көрдү...
Post #10049 17
БЫЙЫЛ КЫРГЫЗСТАНДАН 11 МИҢГЕ ЖАКЫН МИГРАНТ ЧЫГЫП КЕТТИ
Post #10048 14
ЭНЕРГЕТИК ЖАШТАРДЫН ДЕН СООЛУГУНА КОРКУНУЧ ЖАРАТУУДА - ДЕПУТАТ
Post #10047 16
Older posts →

About this channel

How can I read @trkregion without a Telegram account?
TGViewer shows the public web preview Telegram publishes for Телеканал "Region": recent posts, photos, videos and the subscriber count, with no app, login or account.
How many subscribers does Телеканал "Region" have?
Телеканал "Region" (@trkregion) has 219 subscribers on Telegram, refreshed roughly every 30 minutes.
Does Телеканал "Region" know I viewed it here?
No. Public channel previews carry no viewer identity, and TGViewer has no accounts or tracking of what you look up.
Threads Profile ViewerView any public Threads profile without an account.Open ThreadLook →Writing with AI? Make it sound human.Metric37 rewrites AI drafts so they read naturally. Free AI detector, 1,500 words free.Try Metric37 →