ОШТУН МЭРИ АКБАР АБДУЛЛАЕВДИ КАБЫЛ АЛДЫ
Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев мушкер Акбар Абдуллаевди кабыл алды.
Мэр аны АКШдагы жеңиши менен куттуктап, атайын белек жана акчалай сыйлык тапшырды.
Эске салсак, 15-сентябрда Акбар Абдуллаев Dana White’s Contender Series турниринде бразилиялык Эднилсон Сантосун 19 секундда нокаут менен жеңген.
Бул жеңиштен кийин кыргызстандык мушкер UFC менен расмий келишим түзгөн.
Post #10057
16