КАЗАКСТАНДА ОКУУ-МАШЫГУУДА 9 АСКЕР КАЗА БОЛДУ
24-сентябрда Казакстандын Маңгыстау облусунда аскер-деңиз күчтөрүнүн окуу-машыгуусунда кырсык болду. Бул тууралуу Казакстандын Коргоо министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, аба ырайы кескин начарлап, катуу шамал жана бороон болгон. Анын кесепетинен 19 аскер кызматкерин деңиз агымы алып кеткен.
Алдын ала маалымат боюнча, 9 аскер каза болуп, үчөө куткарылган. Алардын бири ооруканага жаткырылды.
Учурда дагы жети аскерди издөө иштери улантылууда. Кырсык болгон жерге Коргоо министрлигинин, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жана Чек ара кызматынын күчтөрү, атайын кемелер, авиация жана башка ыкчам кызматтар тартылган.
Post #10058
19