ДЕНИС ПЕТРАШОВ АЗИЯ ОЮНДАРЫНДА КҮМҮШ МЕДАЛЬ ЖЕҢДИ
Кыргызстандык суучул Денис Петрашов Азия оюндарында 200 метрге брасс ыкмасы боюнча күмүш медаль тагынды.
Ал аралыкты 2 мүнөт 8,67 секундда сүзүп өтүп, жеңүүчүдөн 4 секундга жетпеген айырма менен артта калды.
Бул Кыргызстандын Азия оюндарындагы төртүнчү медалы. Буга чейин спортчуларыбыз ММА боюнча үч коло медаль уткан.
Post #10056
16