ПРЕЗИДЕНТТИК ШАЙЛООНУН КҮНҮ БЕЛГИЛҮҮ БОЛДУ
Жогорку Кеңештин 24-сентябрдагы жыйынында президенттик шайлоону дайындоо боюнча токтом кабыл алынды. Ага катышкан 86 депутаттын баары макул добуш берди.
Колдонуудагы конституциялык мыйзамга ылайык, кезектеги президенттик шайлоо президенттин ыйгарым укуктары аяктаган жылдын январь айынын төртүнчү шаршембисинде өткөрүлөт.
Демек, Кыргызстанда кезектеги президенттик шайлоо 2027-жылдын 27-январына туш келет.
Post #10051
17