8 КҮНДӨ 3 КОНТИНЕНТ: ПРЕЗИДЕНТТИН САПАРЫ КАНДАЙ ӨТТҮ?
Президент Садыр Жапаров АКШга болгон иш сапарын жыйынтыктап, Бишкекке кайтып келди.
Президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдиргендей, Мамлекет башчысы 15-сентябрдан тарта Корея Республикасында жана АКШда иш сапарда болду. Сегиз күндүк сапардын 32 сааты учакта өттү.
Анын айтымында, «№1 борт» Бишкек–Сеул–Аляска–Солт-Лейк-Сити–Нью-Йорк–Шаннон–Бишкек багыты боюнча учуп, жер шарын толук айланып өттү.
Жыйынтыгында Президенттин сапары үч континентти камтыды.
«Кореяда Президент Садыр Жапаров расмий сапар менен болуп эң жогорку деңгээлдеги жолугушууларды өткөрдү, биринчи Корея-Борбор Азия саммитине катышты.
Американын Ютанын жетекчилиги менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, штаттагы лыжа курортун кеңейтүү долбоору жана Олимпиадалык парк менен таанышып, тоо туризмин жана спорттук инфраструктураны өнүктүрүү тажрыйбасын көрдү...
Post #10050
16