🤝 Россия жана КМШнын 5 өлкөсү экстремисттер тууралуу маалымат алмашат
Россия, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандын башкы прокурорлору терроризм жана экстремизмге каршы күрөшүү боюнча кызматташуу тууралуу келишимге кол коюшту.
Кыргызстандын атынан документке башкы прокурор Малик Бектурганов кол койду.
📌 Келишимге ылайык, өлкөлөр коопсуздукка коркунуч жаратышы мүмкүн болгон:
• террордук жана экстремисттик уюмдар, топтор жана адамдар;
• алардын эл аралык байланыштары;
• мүмкүн болуучу террордук чабуулдар;
• мыйзамсыз куралдуу түзүмдөр тууралуу маалыматтарды ыкчам алмашат.
Мындан тышкары, адам, курал жана баңгизат саткан адамдар, мыйзамсыз миграцияны уюштургандар жана террордук топторго байланыштуу чет элдик согушкерлер тууралуу маалымат берүү каралган.
Ошондой эле өлкөлөр жасалма документтерди аныктоо жана террористтик ишмердүүлүккө байланыштуу адамдарды, анын ичинде өз өлкөсүнө кайтып келгендерди жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн аныктоо боюнча маалымат алмашат.
📍 Тараптар терроризм жана экстремизмдин жайылышын мамлекеттердин коопсуздугуна, саясий, экономикалык жана социалдык туруктуулугуна олуттуу коркунуч катары белгилешкен.
@kgosho Билип жаша!
Post #4818
8.07K