TGViewer
OSHO OSHO @kgosho · 59.1K subscribers
Post #4657 16.6K
🍯🇰🇬 Кыргызстанда балдын сапатын текшерүүчү заманбап лаборатория түзүлөт



Кыргызстанда балдын сапатын жана анын эл аралык стандарттарга шайкештигин текшерүүчү заманбап лаборатория ачылат. Бул тууралуу К.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин ректору Нурзат Тотубаева билдирди.

🍯 Анын айтымында, Кыргызстанда өндүрүлгөн бал сапаты боюнча мыктылардын бири деп эсептелет. Бирок өлкөдө балдын сапатын эл аралык талаптарга ылайык толук текшере турган лаборатория ушул убакка чейин болгон эмес.

Ошондуктан айрым бал өндүрүүчүлөр үлгүлөрүн экспертиза үчүн Казакстанга же Россияга жөнөтүүгө аргасыз болушкан.

🔬 Эми Кыргызстанда өзүнүн лабораториясы иштеп, балдын сапатын аныктап, анын эл аралык стандарттарга жооп берерин текшерүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт.

🐝 Мындан тышкары, университеттин базасында балчылыкты өнүктүрүү боюнча илимий борбор түзүү пландалууда. Анда илим, билим берүү, инновация жана өндүрүштү бириктирген изилдөөлөр жүргүзүлөт.



@kgosho Билип жаша!
Telegram OSHO @kgoshobot суроолоруңуз болсо чат ботко кайрылыңыз
More from @kgosho
  1. Sep 21, 2026🏛️ Кимдер мамлекеттик кызматка сынаксыз өтө алат? — Президент жаңы жарлыкка кол койду Пре…
  2. Sep 21, 2026🏇 Казанда 2028-жылкы Көчмөндөр оюндарынын долбоору тааныштырылды Казанда «Көчмөндөр оюнда…
  3. Sep 20, 2026👵🏻 Кыргызстанда пенсионерлер көбөйүп, камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөгөндөр азайууда Кырг…
  4. Sep 20, 2026📚 Кыргызстанда мектеп окуучулары ишемби күндөрү да окуй баштады 1-сентябрдан 15-сентябрга…
  5. Sep 19, 2026🐟 Кыргызстан менен Россия балык чарбасында биргелешкен ишканаларды түзүүнү пландоодо Кырг…
  6. Sep 19, 2026🏦 Кыргызстандын банктары санкцияга кабылган компаниялардын бирдиктүү «кара тизмесин» түзү…
Threads Profile ViewerView any public Threads profile without an account.Open ThreadLook →Writing with AI? Make it sound human.Metric37 rewrites AI drafts so they read naturally. Free AI detector, 1,500 words free.Try Metric37 →