TGViewer
Channel Public Channel
АРЧА МЕДИА // ARCHA MEDIA

АРЧА МЕДИА // ARCHA MEDIA

@archamedia

Бул Кыргызстандагы көз карандысыз маалымат булагы Archa Media’нын телеграмм каналы. Биз өлкөдө жана дүйнөдө болуп жаткан окуялардын баарын болгонун болгондой, чындыкты гана жазабыз. Сөз эркиндигине КАТТАЛЫҢЫЗ!
Subscribers
1.73K
Photos
23.9K
Videos
13.3K
Links
2.5K
Recent Posts 12 shown
Post #43387 134
‼️Жасалма диплом жана жерди мыйзамсыз сатуу: Жаныбек Полотов эмнеге кармалган?

✔️Кара-Суу шаардык кеңешинин төрагасы кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууга шектелип кармалды. Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, 2022-жылдын 29-июлунда П.Ж. өзүнүн кызматтык абалынан пайдаланып, аянты 82,75 чарчы метр болгон муниципалдык жер тилкесин аукцион өткөрбөстөн жеке жаранга саткан. Келишим түз сатуу жолу менен ишке ашырылган.

✔️Ошондой эле, шектүүдө мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды ээлөө үчүн талап кылынган жогорку билим тууралуу диплом болбогону кабарланууда. ИИМдин маалыматына ылайык, ал жасалма документти колдонуп, мыйзамсыз түрдө айлык акы алып келген.
Post #43386 127
‼️Касымалиев Минскиде Александр Лукашенко менен жолукту

✔️Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев иш сапарынын алкагында Беларусь президенти Александр Лукашенко менен жолукту. 
Жолугушуу Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйындарына катышуу үчүн Минск шаарына келген Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттердин жана ЕАЭБге байкоочу өлкөлөрдүн өкмөт башчылары менен биргеликте болду. 

✔️Жолугушуунун катышуучулары Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин отурумдарынын жана “Иннопром. Беларусь” эл аралык өнөр жай көргөзмөсүнүн жүрүшүндөгү мындай сүйлөшүүлөр жаңы практикалык чечимдерди иштеп чыгууга жана ЕАЭБ алкагындагы интеграциялык кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө өбөлгө түзөрүн белгилешти.
Post #43385 122
‼️Мэрия Бишкекте 5-октябрда мекемелер онлайн иштей турган себебин түшүндүрдү

✔️Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев 5-октябрда мамлекеттик мекемелердин онлайн форматка өтүүсүнүн себебин түшүндүрдү. Ал Бишкекте өткөн жыйындардын биринде журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып мындай чара жол тыгындарын азайтуу жана шаар тургундарына ыңгайсыздык жаратпоо максатында көрүлгөнүн айтты.
Мэрдин айтымында, 65 миңдей адам катыша турган иш-чара шаар үчүн да жаңы тажрыйба болуп саналат. Ушундан улам тиешелүү мекемелердин ишин убактылуу аралыктан уюштуруу чечими кабыл алынган.

✔️Мугалимдер күнүнө жана "Бишкек Арена" улуттук стадионунун салтанаттуу ачылышына байланыштуу 5-октябрда Бишкектеги мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин, ошондой эле билим берүү уюмдарынын кызматкерлери онлайн форматта иштешет.
Буга байланыштуу президент Садыр Жапаров тиешелүү тескемеге кол койгон.
Post #43384 129
‼️Депутат Абдибаеванын мандатын жокко чыгаруу талап кылынууда

✔️Жогорку Кеңештин депутаты Айсаракан Абдибаеванын мандатын жокко чыгарууну талап кылган петицияга болжол менен 5 миң кол топтолду.
Буга депутаттын педофилерге пробациялык көзөмөлдү колдонууну карап көрүү сунушу түрткү болду.

✔️Депутаттын сунушу Кылмыш-жаза кодексинин 154-беренесинин 1-бөлүгүнө («Зордуктоо») жана 157-беренесине («Он алты жашка чыга элек балага карата сексуалдык мүнөздөгү аракеттер») байланыштуу болгон.
Айсаракан Абдибаева Жогорку Кеңешке №15 көп мандаттуу шайлоо округунан 3988 добуш менен шайланып келген.
Post #43383 129
‼️Азыркы депутаттар Ташиевдин тизмеси менен келгенби?

✔️Саясатчы Алтынбек Сулайманов УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев былтыркы парламенттик шайлоого толугу менен аралашып, өзүнө ыңгайлуу адамдарды алдын-ала түзүлгөн тизме менен алып келген деп билдирди. Бул тууралуу ал Азаттыкка берген маегинде учурдагы парламенттин ишине баа берип жатып айтты.

✔️Белгилей кетсек, буга чейин Жогорку Кеңешке ким депутат болору тууралуу тизме алдын-ала түзүлгөнү тууралуу бир топ кептер айтылып, ал эле эмес аталган тизме делген кагаз да соцтармакка тараган.
Post #43382 125
‼️4-5-октябрда Кыргызстанда аба ырайы кескин сууктайт

✔️4-5-октябрда Кыргызстанда аба ырайы кескин сууктайт. Нөшөрлөгөн жаан, ал эми тоолуу аймактарда кар жаашы жана абанын температурасынын төмөндөшү күтүлүүдө. Айрым жерлерде жаан-чачын катуу болот.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетип, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин күчөшү күтүлөт. Ысык-Көлдүн батыш тарабында шамалдын ылдамдыгы секундасына 19-24 метрге жетиши мүмкүн.
Post #43380 117
‼️Болот Темиров менен Махабат Тажибек кызы The Albies сыйлыгын алышты

✔️Кыргызстанда ишмердиги экстремисттик деп табылган журналист Болот Темиров жана Temirov Live долбоорунун жетекчиси Махабат Тажибек кызы Клунилердин «Адилеттик үчүн» фонду тапшырган The Albies эл аралык сыйлыгынын лауреаттары болушту. Бул тууралуу Болот Темиров 1-октябрда социалдык тармактагы баракчасына жазып, сыйлыкты Temirov Live жана «Айт, айт десе» долбоорлорунун ишинин эл аралык деңгээлде таанылышы катары баалады.

✔️The Albies сыйлыгын актер Жорж Клуни жана адам укуктары боюнча адвокат Амаль Клуни негиздеген «Адилеттик үчүн» фонду 2022-жылдан бери ыйгарып келет. Сыйлык адам укуктарын жана адилеттикти коргоодо иш алып барган адамдарга берилет. Быйылкы сыйлык тапшыруу аземи 7-октябрда Лондондо өтөт.

✔️Бирок Махабат Тажибек кызы аземге бара албайт. 25-августта Бишкектин Ленин райондук сотунда анын адвокаты журналистке сыйлыкты алуу үчүн Лондонго барып келүүгө уруксат берүүнү өтүнгөн. Судья Темир Маматов өтүнүчтү канааттандырган эмес.
Post #43372 126
‼️Жогорку Кеңештин депутаттары Парижге барышты

✔️1-октябрда Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Франция Республикасынын Париж шаарында аталган өлкөнүн Улуттук ассамблеясынын төрайымы Яэл Браун-Пиве менен жолугушту.
Жолугушууда саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык байланыштарды өнүктүрүү, айрыкча парламенттер аралык алакаларды кеңейтүү маселелери талкууланды. 

“Франция – Кыргызстандын Европадагы маанилүү өнөктөштөрүнүн бири. Биз эки өлкөнүн ортосундагы саясий диалогду мындан ары да активдештирүүгө, парламенттерибиздин, элдерибиздин, жаштарыбыздын, билим берүү жана маданий мекемелерибиздин ортосундагы түз байланыштарды кеңейтүүгө кызыкдарбыз”,

– деди төрага

✔️Ошондой эле 2027-жылы Кыргызстан менен Франциянын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөнүнө 35 жыл толорун эске салып, бул маанилүү дата эки тараптуу кызматташтыкка жаңы дем берүүгө жакшы мүмкүнчүлүк экенин кошумчалады. Ушуга байланыштуу эки өлкөдө биргелешкен саясий, парламенттик жана маданий иш-чараларды өткөрүүнү сунуштады.
Post #43371 144
‼️Шакиранын концертине биринчи күнү эле 13 миңден ашык билет сатылды

✔️Аларды 22 өлкөнүн жарандары сатып алышты. Сатылган билеттердин болжол менен 77%ы Кыргызстандын ичинде сатылса, калган 23%ы чет өлкөлүк сатып алуучуларга туура келди. Чет өлкөлүк сатып алуучулардын арасында эң көп сандагылары Казакстандан (80%), Орусиядан (13,08%) жана Өзбекстандан (3,80%) болду. Ошондой эле АКШ, БАЭ, Тажикстан, Түркия, Германия, Улуу Британия жана башка өлкөлөрдүн жарандары да билет сатып алышты.

✔️Бардык "Skybox" толугу менен сатылып бүттү. VIP жана VVIP (өзгөчө VIP) категориясындагы билеттердин бир бөлүгү да сатылды.
Белгилей кетсек, Шакиранын концерти 18-октябрда "Бишкек Аренада" өтөт. Президенттин администрациясы билдиргендей, эксклюзивдүү келишимдин шарттарына ылайык, ырчынын Борбор Азияда башка концерттери пландалган эмес.
Post #43370 148
‼️Кыргызстандын алгачкы спутниги космоско учурулду

✔️Кыргызстандын алгачкы улуттук спутниги 1-октябрда космоско ийгиликтүү учурулду. Учуруу аземине президент Садыр Жапаров да катышты.
Салмагы беш килограммга жакын аппарат АКШнын Калифорния штатындагы Ванденберг космостук базасынан SpaceX компаниясынын Falcon 9 ракетасы менен учурулду.

✔️Садыр Жапаров Кыргызстандын өз спутнигине ээ болуусунун артыкчылыктарын түшүндүрдү. Анын айтымында, спутник айлана-чөйрөгө мониторинг жүргүзүүгө багытталган жана айыл чарба, өзгөчө кырдаалдар, ошондой эле мөңгүлөрдүн эриши сыяктуу жараяндарга көз салып турат.
Спутниктин баасы болжол менен 10-12 миллион сом деп бааланган. Бул суммага аны АКШга жеткирүү, ракетага интеграциялоо жана космоско учуруу чыгымы киреби же жокпу расмий такталган эмес.
  • 👏 3
Post #43369 157
Post #43368 173
‼️Садыр Жапаровду шайлоодон утуп чыгуу кыйын

✔️Бул тууралуу саясатчы Алтынбек Сулайманов Азаттыкка билдирди. Ал журналисттин алдыдагы президенттик шайлоого катышасызбы деген суроосуна жооп берип, шайлоого катышпай турганын жана учурдагы президентти шайлоодо утуп чыгыш эч кимдин колунан келбесин айтты.
Older posts →

About this channel

How can I read @archamedia without a Telegram account?
TGViewer shows the public web preview Telegram publishes for АРЧА МЕДИА // ARCHA MEDIA: recent posts, photos, videos and the subscriber count, with no app, login or account.
How many subscribers does АРЧА МЕДИА // ARCHA MEDIA have?
АРЧА МЕДИА // ARCHA MEDIA (@archamedia) has 1.73K subscribers on Telegram, refreshed roughly every 30 minutes.
Does АРЧА МЕДИА // ARCHA MEDIA know I viewed it here?
No. Public channel previews carry no viewer identity, and TGViewer has no accounts or tracking of what you look up.
Threads Profile ViewerView any public Threads profile without an account.Open ThreadLook →Writing with AI? Make it sound human.Metric37 rewrites AI drafts so they read naturally. Free AI detector, 1,500 words free.Try Metric37 →