TGViewer
АРЧА МЕДИА // ARCHA MEDIA АРЧА МЕДИА // ARCHA MEDIA @archamedia · 1.73K subscribers
Post #43371 147
‼️Шакиранын концертине биринчи күнү эле 13 миңден ашык билет сатылды

✔️Аларды 22 өлкөнүн жарандары сатып алышты. Сатылган билеттердин болжол менен 77%ы Кыргызстандын ичинде сатылса, калган 23%ы чет өлкөлүк сатып алуучуларга туура келди. Чет өлкөлүк сатып алуучулардын арасында эң көп сандагылары Казакстандан (80%), Орусиядан (13,08%) жана Өзбекстандан (3,80%) болду. Ошондой эле АКШ, БАЭ, Тажикстан, Түркия, Германия, Улуу Британия жана башка өлкөлөрдүн жарандары да билет сатып алышты.

✔️Бардык "Skybox" толугу менен сатылып бүттү. VIP жана VVIP (өзгөчө VIP) категориясындагы билеттердин бир бөлүгү да сатылды.
Белгилей кетсек, Шакиранын концерти 18-октябрда "Бишкек Аренада" өтөт. Президенттин администрациясы билдиргендей, эксклюзивдүү келишимдин шарттарына ылайык, ырчынын Борбор Азияда башка концерттери пландалган эмес.
More from @archamedia
  1. Oct 2, 2026‼️Жасалма диплом жана жерди мыйзамсыз сатуу: Жаныбек Полотов эмнеге кармалган? ✔️Кара-Суу…
  2. Oct 2, 2026‼️Касымалиев Минскиде Александр Лукашенко менен жолукту ✔️Министрлер кабинетинин төрагасы…
  3. Oct 2, 2026‼️Мэрия Бишкекте 5-октябрда мекемелер онлайн иштей турган себебин түшүндүрдү ✔️Бишкек шаар…
  4. Oct 2, 2026‼️Депутат Абдибаеванын мандатын жокко чыгаруу талап кылынууда ✔️Жогорку Кеңештин депутаты…
  5. Oct 2, 2026‼️Азыркы депутаттар Ташиевдин тизмеси менен келгенби? ✔️Саясатчы Алтынбек Сулайманов УКМКн…
  6. Oct 2, 2026‼️4-5-октябрда Кыргызстанда аба ырайы кескин сууктайт ✔️4-5-октябрда Кыргызстанда аба ырай…
Threads Profile ViewerView any public Threads profile without an account.Open ThreadLook →Writing with AI? Make it sound human.Metric37 rewrites AI drafts so they read naturally. Free AI detector, 1,500 words free.Try Metric37 →