✔️1-октябрда Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Франция Республикасынын Париж шаарында аталган өлкөнүн Улуттук ассамблеясынын төрайымы Яэл Браун-Пиве менен жолугушту.
Жолугушууда саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык байланыштарды өнүктүрүү, айрыкча парламенттер аралык алакаларды кеңейтүү маселелери талкууланды.
“Франция – Кыргызстандын Европадагы маанилүү өнөктөштөрүнүн бири. Биз эки өлкөнүн ортосундагы саясий диалогду мындан ары да активдештирүүгө, парламенттерибиздин, элдерибиздин, жаштарыбыздын, билим берүү жана маданий мекемелерибиздин ортосундагы түз байланыштарды кеңейтүүгө кызыкдарбыз”,
– деди төрага
✔️Ошондой эле 2027-жылы Кыргызстан менен Франциянын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөнүнө 35 жыл толорун эске салып, бул маанилүү дата эки тараптуу кызматташтыкка жаңы дем берүүгө жакшы мүмкүнчүлүк экенин кошумчалады. Ушуга байланыштуу эки өлкөдө биргелешкен саясий, парламенттик жана маданий иш-чараларды өткөрүүнү сунуштады.







