‼️Болот Темиров менен Махабат Тажибек кызы The Albies сыйлыгын алышты
✔️Кыргызстанда ишмердиги экстремисттик деп табылган журналист Болот Темиров жана Temirov Live долбоорунун жетекчиси Махабат Тажибек кызы Клунилердин «Адилеттик үчүн» фонду тапшырган The Albies эл аралык сыйлыгынын лауреаттары болушту. Бул тууралуу Болот Темиров 1-октябрда социалдык тармактагы баракчасына жазып, сыйлыкты Temirov Live жана «Айт, айт десе» долбоорлорунун ишинин эл аралык деңгээлде таанылышы катары баалады.
✔️The Albies сыйлыгын актер Жорж Клуни жана адам укуктары боюнча адвокат Амаль Клуни негиздеген «Адилеттик үчүн» фонду 2022-жылдан бери ыйгарып келет. Сыйлык адам укуктарын жана адилеттикти коргоодо иш алып барган адамдарга берилет. Быйылкы сыйлык тапшыруу аземи 7-октябрда Лондондо өтөт.
✔️Бирок Махабат Тажибек кызы аземге бара албайт. 25-августта Бишкектин Ленин райондук сотунда анын адвокаты журналистке сыйлыкты алуу үчүн Лондонго барып келүүгө уруксат берүүнү өтүнгөн. Судья Темир Маматов өтүнүчтү канааттандырган эмес.
Post #43380
127

