‼️Кыргызстандын алгачкы спутниги космоско учурулду
✔️Кыргызстандын алгачкы улуттук спутниги 1-октябрда космоско ийгиликтүү учурулду. Учуруу аземине президент Садыр Жапаров да катышты.
Салмагы беш килограммга жакын аппарат АКШнын Калифорния штатындагы Ванденберг космостук базасынан SpaceX компаниясынын Falcon 9 ракетасы менен учурулду.
✔️Садыр Жапаров Кыргызстандын өз спутнигине ээ болуусунун артыкчылыктарын түшүндүрдү. Анын айтымында, спутник айлана-чөйрөгө мониторинг жүргүзүүгө багытталган жана айыл чарба, өзгөчө кырдаалдар, ошондой эле мөңгүлөрдүн эриши сыяктуу жараяндарга көз салып турат.
Спутниктин баасы болжол менен 10-12 миллион сом деп бааланган. Бул суммага аны АКШга жеткирүү, ракетага интеграциялоо жана космоско учуруу чыгымы киреби же жокпу расмий такталган эмес.
Post #43370
151