МАНАС: Б. ОСМОНОВ МЕКТЕБИНЕ 61 ЖЫЛДАН КИЙИН ЖАҢЫ ОКУУ КОРПУСУ КУРУЛДУ
Манас шаарындагы Б. Осмонов атындагы мектепте окуучулар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр түзүлдү. 61 жылдан кийин билим берүү мекемесине кошумча окуу корпусу курулуп, 375 орунга ылайыкталды. Жаңы имаратта окуучулар үчүн бардык шарттар каралып, заманбап технологиялар да колдонулган. Учурда курулуш иштери аяктап, корпус жакынкы күндөрү пайдаланууга берилгени турат.
Post #10150
10