САДЫР ЖАПАРОВ SPACEX КОМПАНИЯСЫНЫН ӨНДҮРҮШТҮК КОМПЛЕКСИНЕ БАРДЫ
Президент Садыр Жапаров АКШга болгон иш сапарынын алкагында Калифорниянын Хоторн шаарындагы SpaceX компаниясынын өндүрүштүк комплексинде болду.
Мамлекет башчысы ракета алып жүрүүчүлөр жана космостук аппараттар чогултулган бөлүмдөрдүн иши менен таанышып, учууларды башкаруу борборуна барды.
Ошондой эле президентке Starlink спутниктик интернет системасынын үч мууну көрсөтүлдү. Учурда орбитада 10 миңден ашык Starlink спутниги бар экени айтылды.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда быйыл май айынан тарта Starlink спутниктик интернет кызматы пилоттук долбоордун алкагында иштей баштаган.
Ал эми Кыргызстандын биринчи улуттук спутнигин орбитага чыгарууга тийиш болгон SpaceX ракетасын учуруу 1-октябрга пландалган.
Post #10144
11
