ЛЕГЕНДАРЛУУ МУШКЕР РОЙ ДЖОНС ОШ ШААРЫНА КЕЛДИ
Легендарлуу америкалык мушкер Рой Джонс бүгүн, 1-октябрда, Ош шаарына келди.
Аны “Ош” эл аралык аэропортунан Ош шаарынын мэринин орун басары Эрнис Толтоев, Кыргызстандын Кесиптик бокс лигасынын президенти Шайлообек Атазов жана күйөрмандары тосуп алышты.
Рой Джонс Ош шаарында өтүп жаткан World Boxing Championship Amateur TURKSOY турнирин ардактуу конок катары көрүп, беттештерге күбө болот.
Post #10121
16