Азия оюндары-2026: Мээрим Жуманазарова коло медаль тагынды
Кыргызстандын эркин күрөш боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Мээрим Жуманазарова Азия оюндарында коло медалга ээ болду.
Бүгүн, 30-сентябрда, Япониянын Айти-Нагойя шаарында өтүп жаткан XX Азия оюндарынын алкагында 68 кг чейинки салмак категориясында күч сынашкан спортчу алгачкы беттешинде Өзбекстандын өкүлү Фируза Есенбаеваны 8:0 эсебинде жеңген.
Жарым финалда Жуманазарова Түндүк Кореянын өкүлү Пак Сол Гумга утулуп калган.
Ал эми коло медаль үчүн болгон беттеште кыргызстандык балбан Түштүк Кореянын өкүлү Пак Хён Гёнду 8:1 эсебинде жеңип, байгелүү орунга ээ болду.
Post #10116
17
