ТОҢДО 29,9 ГЕКТАР ЖЕР МАМЛЕКЕТКЕ КАЙТАРЫЛДЫ
Тоң районунда 49 млн 200 миң сомго бааланган 29,9 гектар жайыт жер мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу прокуратура билдирди.
Маалыматка ылайык, Күн-Чыгыш айыл өкмөтүнө караштуу жер тилкеси 2007-жылы мыйзамсыз түрдө жеке менчикке өтүп кеткен.
Текшерүүнүн жыйынтыгында прокуратура тарабынан тиешелүү чаралар көрүлүп, жалпы аянты 29,9 гектар болгон жер тилкеси толугу менен мамлекеттин карамагына кайтарылды.
Post #10114
14
