TGViewer
Телеканал "Region" Телеканал "Region" @trkregion · 218 subscribers
Post #10113 17
КУМТӨРДҮН ЖЕТЕКЧИЛИГИ СТРАТЕГИЯЛЫК КӨЧМӨ ЖЫЙЫНГА ЧОГУЛУШТУ
Кумтөр кен жайында ишкананын жетекчилери көчмө стратегиялык жыйынга чогулуп, пландарды тактап, компаниянын мындан аркы өнүгүүсүнүн негизги багыттарын талкуулашты.
Негизги көңүл ресурстарды натыйжалуу башкарууга, өндүрүштүк мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө, логистика менен энергетикага, заманбап технологияларга жана алтын өндүрүүдөгү дүйнөлүк тажрыйбага бурулду.
КГКнын стратегиялык долбоорлору өзүнчө талкууланды. Алардын катарында кен жайдагы жер алдынан кен казуу, Тоголок кенин өздөштүрүү, мурда топтолгон калдыктарды кайра иштетүү, Дөңгөлөктөрдү калыбына келтирүү заводунун иши жана тиешелүү инфраструктураны өнүктүрүү бар.
“Мындай жолугушуулар бардык долбоорлорду бир бүтүн система катары кароого, бөлүмдөрдүн ишин шайкеш жүргүзүүгө жана керектүү чечимдерди ыкчам табууга шарт түзөт. Ошол эле учурда жетекчилердин бири-биринин милдеттерин жакшыраак түшүнүп, өз ара байланышын бекемдешине жана күчтүү команданы калыптандырууга өбөлгө болот”, - деп айтылат компания
More from @trkregion
  1. Sep 30, 2026МЕКТЕПТЕРДЕ АТА-ЭНЕЛЕРДЕН ЖЫЛЫНА 2,5 МИЛЛИАРД СОМГО ЖАКЫН КӨМҮСКӨ АКЧА ЧОГУЛТУЛАТ
  2. Sep 30, 2026СУЗАК: ЖЕТИ АЙЫЛ ТАЗА СУУГА МУКТАЖ
  3. Sep 30, 2026ҮЙДӨН ЧЫКПАЙ ЖУМУШ ИЗДЕСЕҢИЗ БОЛОТ Эмгек министрлиги санариптик жаңы платформаларды сунушт…
  4. Sep 30, 2026БИШКЕКТЕ №94 МЕКТЕПКЕ КОШУМЧА ИМАРАТ КУРУЛДУ
  5. Sep 30, 2026Азия оюндары-2026: Мээрим Жуманазарова коло медаль тагынды Кыргызстандын эркин күрөш боюнч…
  6. Sep 30, 2026"Кыргызнефтегаздан жумасына 40 миң сом табасыз" деген видео чындыкка дал келбейт. Бул - эл…
Threads Profile ViewerView any public Threads profile without an account.Open ThreadLook →Writing with AI? Make it sound human.Metric37 rewrites AI drafts so they read naturally. Free AI detector, 1,500 words free.Try Metric37 →