Өлкөдө күйүүчү май кору жана баа саясаты көзөмөлдө
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев өлкөнүн ички рыногун күйүүчү-майлоочу материалдар менен камсыздоо маселелери боюнча жыйын өткөрдү.
Жыйында күйүүчү-майлоочу материалдар рыногундагы учурдагы абал, анын ичинде бензиндин коруктары, жеткирүү көлөмдөрү, баа саясаты жана ички рынокту туруктуу камсыздоо маселелери талкууланды.
Буга чейин белгиленгендей, мунай продуктуларын жеткирүүчү компанияларга мамлекеттик субсидияларды берүү боюнча иштер уланууда. Тактап айтканда, келишимдерге жараша бензинге субсидиянын өлчөмү АИ-92 үлгүсүндөгү литрине — 17,16 сомдон 30,88 сомго чейин, дизелдик отунга — 13,06 сомдон 42,27 сомго чейин, ал эми суюлтулган газга — 46 тыйындан 1,40 сомго чейинки сумманы түзөт...
https://www.facebook.com/regiontvkg
Post #10095
10




