Post #27117
24
Бишкектин Биринчи май райондук соту «бийликти күч менен басып алууга» айыпталган «Социал-демократтар» партиясынын лидери Темирлан Султанбековду 7 жылга, Кадырбек Атамбаевди 4 жылга эркинен ажыратты. Иштин дагы бир фигуранты 8 жылга кесилди, бирөөнө бир жылдык пробация чегерилсе, саясатчы Кубанычбек Кадыров акталды.