TGViewer
Channel Public Channel
Kloop кыргызча

Kloop кыргызча

@kloopkyrgyz

Кыргызстандын маанилүү жана кызыктуу жаңылыктары кыргыз тилинде.

Сайт: https://ky.kloop.kg
Фейсбук: https://www.facebook.com/KloopKyrgyz/
Инстаграм: https://instagram.com/kloopkyrgyz
Subscribers
674
Photos
15.5K
Videos
968
Links
20.7K
Recent Posts 8 shown
Post #27110 25
5-октябрда президент Бишкек-Аренаны расмий ачты. Бул дал келүүбү же жокпу белгисиз, бирок алты жыл мурда, дал ушул күнү митингге чыккандар Жапаровду колониядан бошотуп алышып, кийин ал өлкө башчысы болгон. «Клооптун» тең негиздөөчүсү Ринат Тухватшин Жапаров 5-октябрда стадиондо кайсы окуяны белгилеп майрамдады деген суроого баш катырды. 
Post #27109 48
Сизге дагы мектептин окуу китептери жетпей калдыбы? Аларды кайдан сатып алышты дагы билбей жатасызбы? «Клооп» elkitep.com сайтын ишке киргизди, андан сиз окуу китептеринин уюлдук версиясын көчүрүп алсаңыз болот. 
Post #27103 66
Журналист Эрнис Кыязов бийликке сын айткан саясатчылардын маегин жарыялабай, себеп катары шайлоо үгүт-иштерин айтып жатат. Буга чейин финполдун мурдагы төрагасы Сыймык Жапыкеевдин маегин чыгаруудан баш тарткан болсо, эми ИИМдин экс-башчысы Өмүрбек Суваналиевдин маеги чыкпай турган болду. 
Post #27098 89
Президент Садыр Жапаров Лос-Анжелеске люкс класстагы жаңы бизнес-джет менен барды. Учактын болжолдуу баасы 40 млн доллардан ашат. Анын бооруна Кыргызстандын желеги тартылган. 

Gulfstream G650ER 16 жүргүнчүгө ылайыкташкан, анда жети уктоочу орун бар. Салондун ичи кымбат баалуу материалдардан жасалгаланган. Эс алууга арналган бөлмө жана сүйлөшүүлөр өтүүчү жер өз-өзүнчө, ашканасы жана шарап муздатуучу жабдуусу да бар. 
Post #27093 92
Чыга элек интервьюнун үзүндүлөрүнө караганда, анда бийликке бир далай сын айтылгандай. Жапыкеев анда президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаевди «02» деп атап, азыркы тапта прайм-эра экенинен күмөн санарын жана өлкөдөгү жайнаган курулушту «эл куурап атса той берген» менен салыштырган. Ошондой эле, президенттин «короосуна кошулгандай кой эмесмин» деп билдирген. 
Post #27092 106
Эрнис Кыязов Сыймык Жапыкеев менен курган маегин жарыялабай турган болду 

Жакында эле Финполдун мурдагы башчысы Сыймык Жапыкеев соцтармакка журналист Эрнис Кыязовго курган маегинин анонсун жарыялаган. Ошол эле постко президенттик шайлоого талапкерлигин коюу ниетин жаза кеткен. 


Чыга элек интервьюнун үзүндүлөрүнө караганда, анда бийликке бир далай сын айтылгандай. Жапыкеев анда президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаевди «02» деп атап, азыркы тапта прайм-эра экенинен күмөн санарын жана өлкөдөгү жайнаган курулушту «эл куурап атса той берген» менен салыштырган. Ошондой эле, президенттин «короосуна кошулгандай кой эмесмин» деп билдирген. 


Көп өтпөй Эрнис Кыязов Жапыкеевдин жаңы маегин жарыялабай турганын айтып чыкты. 


«Ооба,  көрсөтүү бүгүн чыкмак. Бирок кечээ политолог Бакыт Бакетаевди подкастыма чакырдым эле, а киши ватсаптан  үгүт талаптары камтылган бир  маалыматтарды жибериптир; ошондуктан сага, өзүмө зыян кылып албайын деп көрсөтүү бүгүн чыкпай калды. Аны туура түшүнүү менен кабыл аласың деп ишенем», — деди Кыязов. 
 
Бирок мындай видеону шайлоо алдындагы агитация деп атоо кыйын, анткени Жапыкеев «кудай буюрса» президенттик шайлоого катышуу ниетим бар деп гана айткан болчу. Азырынча БШКга документ тапшырганын да айта элек, тек гана катталуучуларынын пикирин сураган. 


«Буюрса үгүт мөөнөтү башталса, шайлоо фондуңдан мыйзамдуу төлөм төлөнсө, подкаст буюрса чыгат. Кандай тартылса, үзүлбөй-кесилбей чыгат», — дейт Кыязов. 


Кыргыз мыйзамдарына ылайык, шайлоонун үгүт кампаниясы талапкерлерди каттоо аяктаганда башталат. 28-сентябрга карата БШКга 2027-жылдын 27-январында өтө турган президенттик шайлоого катышуу тууралуу бир да арыз түшө элек. 


Демек, маекте шайлоонун үгүт-иштерине мүнөздүү белгилер — добуш берүүгө чакырыктар, мисалы, болсо деле — агитация деп саналбайт, анткени азыр эч нерсе баштала элек. 


Мурдарак президенттик шайлоого талапкерлигин коюу ниетин өлкө башчысы Садыр Жапаров менен мурдагы ИИМ башчысы Өмүрбек Суваналиев билдиришкен. Президент бул тууралуу журналист Али Токтакуновго курган маегинде, Суваналиев «Азаттыкка» айтып берген. Агиткампания расмий 23-декабрда башталат. 


Сыймык Жапыкеев азырынча президенттикке талапкер эмес экенин эске алганда, мында журналист Кыязов «шайлоонун үгүт иштери» деген билдирүү менен чектелип, бир нерсени ачык айтпай жаткандай. Буга чейин да Жапыкеев ага маек куруп, бийликке сын айтылгандан кийин Кыязов УКМКга сурак берип чыккан болчу. Өзү анда атайын кызмат менен «сылык-сыпаа маектешип» чыкканын жазган.  
Post #27091 106
Бишкектин Ленин райондук сотунун судьясы 29-сентябрда активист Мавлян Аскарбековду этностор аралык кастыкты козутууга күнөөлүү деп таап, эки жылга жалпы тартиптеги колонияга кести.  
Post #27085 85
Бишкектин Ленин райондук сотунун судьясы 29-сентябрда активист Мавлян Аскарбековду этностор аралык кастыкты козутууга күнөөлүү деп таап, эки жылга жалпы тартиптеги колонияга кести.
Older posts →

About this channel

How can I read @kloopkyrgyz without a Telegram account?
TGViewer shows the public web preview Telegram publishes for Kloop кыргызча: recent posts, photos, videos and the subscriber count, with no app, login or account.
How many subscribers does Kloop кыргызча have?
Kloop кыргызча (@kloopkyrgyz) has 674 subscribers on Telegram, refreshed roughly every 30 minutes.
Does Kloop кыргызча know I viewed it here?
No. Public channel previews carry no viewer identity, and TGViewer has no accounts or tracking of what you look up.
Threads Profile ViewerView any public Threads profile without an account.Open ThreadLook →Writing with AI? Make it sound human.Metric37 rewrites AI drafts so they read naturally. Free AI detector, 1,500 words free.Try Metric37 →