TGViewer
Kloop кыргызча Kloop кыргызча @kloopkyrgyz · 674 subscribers
Post #27111 39
Темирлан Султанбеков 7 жылга, Кадыр Атамбаев 4 жылга эркинен ажыратылды
 
Бишкектин Биринчи май райондук соту «бийликти күч менен басып алуу» жана «массалык башаламандыктар» иши боюнча социал-демократтарга чыккан өкүмдү угузду. Саясатчы Темирлан Султанбеков 7 жылга эркинен ажыратылды, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин баласы Кадыр Атамбаев 4 жылга, Абдурахим Абдрахманов 8 жылга кесилди. 


Иштин башка фигуранттары камактан бошотулду. Эрмек Эрматовго коюлган берене өзгөртүлуп, пробациялык көзөмөл чегерилди. Саясатчы Кубанычбек Кадыров акталды, ал эми казакстандык Серикбай Кабыланбек жаза мөөнөтүн тергөө абагында өтөп бүткөндүктөн сот залынан бошотулуп, Кыргызстандан чыгаруу чечими чыкты. 


«Мындай чечим чыгарын күткөн эмеспиз. Сот башынан эле түшүнүксүз болду. Балама баш-аягы жети жыл берди. СДПКнын активдүү мүчөлөрү айтып атышат, коомдук угуу кылалы деп атышат. Ачык сот болбогондуктан ар кандай суроолор пайда болуп атат. Биз бул чечим менен макул эмеспиз. Мындан кийин шаардык сот бар. Ага сөзсүз кайрылабыз. Биз мыйзамдуу өлкөдө жашагандан кийин мыйзам чегинде күрөштү улантабыз. Шаардык сот оң чечим чыгарбаса Жогорку сотко кайрылабыз. Документтердин баарын даярдап туруп эл аралык сотторго да кайрылабыз», — деп билдирди Темирлан Султанбековдун атасы Медетбек Султанбеков. 
  
Бир күн мурда прокуратура иштин фигуранттарынын баарына катаал жаза — 7 жылдан 9 жарым жылга чейин эркинен ажыратууну сураган болчу. 


«Иш боюнча жүргөн төрт экспертизанын бири дагы зомбулукка чакырык таба алган жок. Бийликти басуу алуу планы болгон эмес. Иште эмнелер бар: шайлоо жөнүндө сөз болгон, аялдар квотасы боюнча талапкер жана кеңсенин ижарасы сүйлөшүлгөн; видео тасмага дал келбеген стенограмма бар: “бүгүн 10-ноябрь болду” деген фраза даана айтылган, бирок стенограммага кирген эмес; стенограмма ыкчам кызматкерлер тарабынан бурмаланган: комплекстүү экспертизаны бир эле дүжүр эксперт жүргүзгөн; жолугушууга катышпаган Кадыров айыпталган, ал тургай айыптоонун биринчи редакциясында Кадыров өзүнө өзү шерик болгону көрсөтүлгөн, Эрматов айыпталганы менен бир дагы конкреттүү аракети жазылган эмес», — деп айтып берген адвокат Асел Аргымбаева. 
 
Социал-демократтар жана аларга байланышы бар башка саясатчылар 2025-жылы ноябрда, парламенттик шайлоонун алдында кармалышкан. Кийин интернетке ашканада тартылган видео тараган. Анда Темирлан Султанбеков белгисиз киши менен маектешип, ал саясатчыга чагымчыл суроолорду узатканы тартылган. 
More from @kloopkyrgyz
  1. Oct 8, 2026Бишкектин Биринчи май райондук соту «бийликти күч менен басып алууга» айыпталган «Социал-д…
  2. Oct 8, 2026Бишкектин Биринчи май райондук соту «бийликти күч менен басып алуу» жана «массалык башалам…
  3. Oct 7, 20265-октябрда президент Бишкек-Аренаны расмий ачты. Бул дал келүүбү же жокпу белгисиз, бирок…
  4. Oct 6, 2026Сизге дагы мектептин окуу китептери жетпей калдыбы? Аларды кайдан сатып алышты дагы билбей…
  5. Oct 5, 2026Журналист Эрнис Кыязов бийликке сын айткан саясатчылардын маегин жарыялабай, себеп катары…
  6. Oct 3, 2026Президент Садыр Жапаров Лос-Анжелеске люкс класстагы жаңы бизнес-джет менен барды. Учактын…
Threads Profile ViewerView any public Threads profile without an account.Open ThreadLook →Writing with AI? Make it sound human.Metric37 rewrites AI drafts so they read naturally. Free AI detector, 1,500 words free.Try Metric37 →