TGViewer
Kloop кыргызча Kloop кыргызча @kloopkyrgyz · 674 subscribers
Post #23802 213
Ош: Мэриянын алдына борбордук базардын соодагерлери митингге чыгышты

22-июлда Ош шаардык мэриясынын имаратынын алдына беш жүздөн ашык соодагер нааразычылык акциясына чыкты. Алар шаардагы борбордук базардын көчүрүлүшүнө нааразы.

«Биз бул базардын жылышына нааразыбыз. Себеби, базар башынан кылымдарды өткөргөн, тарыхый базар, кербен сарайы, Жибек Жолу өткөн. Бул базарыбызды тескерисинче реконструкциялап, Ак-Буура жакты бийик кылып тосуп, элге шарт түзүп бериши керек. Бул жерде кагаз жүзүндө 9 жүз ишкер бар дегени менен бул жердеги ишкерлердин саны 3 миң үй-бүлөдөн ашат. Ошончо үй-бүлөнүн тиричилигин, түйшүгүн ким ойлоп жатат? Эч ким ойлогон жок», — деди соодагерлердин бири.

Алардын айтымында жаңы базарга көчүп, бир-эки жыл ичинде иш жүрүшүп кеткиче ишкерлер артка кетип калат.

«Өздөрүнүн үй-бүлөсүн каржылай албай калышат. Мисалы, банктан бизге эч качан жеңилдик бербейт. Ар бир ишкер башында киреше киргизебиз деп банктан акча алышкан. Азыр 100-200 миң менен оборот болбойт. Ар бир адамдын башында кеминде бир миллиондон карызы бар. Эгер биздин жерге мамлекет ушунчалык кызыкдар болсо, ар бир ишкердин жерине барып, контейнерлерин жана товарларын нак акчага сатып алсын, анан жыл деп айтсын. Эч ким бекер отурган жок ал жерде», — деди ал.

Буга чейин УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев Оштун борбордук базарынын соодагерлери менен жолукканда базарга кепилдик жок экенин айтып, аны башка жакка жылдырып берүүнү убадалаган.

Ал эми президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз катчысы базар эки айда көчүрүлөт деп маалымдаган.

#кабарлар
  • 👎 1
More from @kloopkyrgyz
  1. Oct 7, 20265-октябрда президент Бишкек-Аренаны расмий ачты. Бул дал келүүбү же жокпу белгисиз, бирок…
  2. Oct 6, 2026Сизге дагы мектептин окуу китептери жетпей калдыбы? Аларды кайдан сатып алышты дагы билбей…
  3. Oct 5, 2026Журналист Эрнис Кыязов бийликке сын айткан саясатчылардын маегин жарыялабай, себеп катары…
  4. Oct 3, 2026Президент Садыр Жапаров Лос-Анжелеске люкс класстагы жаңы бизнес-джет менен барды. Учактын…
  5. Oct 1, 2026Чыга элек интервьюнун үзүндүлөрүнө караганда, анда бийликке бир далай сын айтылгандай. Жап…
  6. Oct 1, 2026Эрнис Кыязов Сыймык Жапыкеев менен курган маегин жарыялабай турган болду Жакында эле Финпо…
Threads Profile ViewerView any public Threads profile without an account.Open ThreadLook →Writing with AI? Make it sound human.Metric37 rewrites AI drafts so they read naturally. Free AI detector, 1,500 words free.Try Metric37 →