TGViewer
Kloop кыргызча Kloop кыргызча @kloopkyrgyz · 674 subscribers
Post #23791 221
Оштогу сел: Ташиев шаардын борбордук базары көчүрүлө турганын билдирди

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев менен жолугушууга келген Оштун борбордук базарынын соодагерлери «Клоопко» аткаминердин аларга эмне деп айтканын айтып беришти.

Ишкердин айтымында, 20 мүнөткө созулган жолугушууда Ташиев базарга кепилдик жок экенин айтып, аны башка жакка жылдырып берүүнү убадалаган.

«Бирок, бизге эртерээк жылдырып бергени жакшы. Мына көпүрөдө биз соода кылат элек. Азыр бара турган, отура турган жерибиз жок. Базарга көчкүчө биз көпүрөнүн үстүндө тиричилигибизди жүргүзүп тура берели. Мисалы, менин азыр бирөөлөргө бере турган акчаларым бар. Товарлар үйдө турат, эч жерге алып барып сата албайт экенбиз. Базарком бир жерди көрсөттү. Ал жерге өзүбүз контейнер коёт экенбиз, ага бизде шарт жок», — деди соодагерлердин бири.

Ал эми президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз катчысы Оштун иретин Камчыбек Ташиев өзү көзөмөлгө алып, борбордук базар эки айда көчүрүлөрүн билдиргенин жазды.

Видео: Kloop

#кабарлар
  • 😁 1
More from @kloopkyrgyz
  1. Oct 7, 20265-октябрда президент Бишкек-Аренаны расмий ачты. Бул дал келүүбү же жокпу белгисиз, бирок…
  2. Oct 6, 2026Сизге дагы мектептин окуу китептери жетпей калдыбы? Аларды кайдан сатып алышты дагы билбей…
  3. Oct 5, 2026Журналист Эрнис Кыязов бийликке сын айткан саясатчылардын маегин жарыялабай, себеп катары…
  4. Oct 3, 2026Президент Садыр Жапаров Лос-Анжелеске люкс класстагы жаңы бизнес-джет менен барды. Учактын…
  5. Oct 1, 2026Чыга элек интервьюнун үзүндүлөрүнө караганда, анда бийликке бир далай сын айтылгандай. Жап…
  6. Oct 1, 2026Эрнис Кыязов Сыймык Жапыкеев менен курган маегин жарыялабай турган болду Жакында эле Финпо…
Threads Profile ViewerView any public Threads profile without an account.Open ThreadLook →Writing with AI? Make it sound human.Metric37 rewrites AI drafts so they read naturally. Free AI detector, 1,500 words free.Try Metric37 →